Биз менен байланышыңыз

Ири салыктык карызы бар ишканалардын аты аталды (тизме)

Кыска кабар | 1 Мар 2020 | 1664 | 0

1-февралга карата Кыргызстандагы 127 ири компаниянын салыктык карызы 1,5 млрд сомдон ашты. Бул компаниялардын жалпы салык боюнча карыздарынын суммасы 1 млрд 635 млн 419 миң 700 сомду түзөт. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

Мындан бир жыл мурда, ири салыктык карызы бар жалпы 69 компания болуп,  алардын карызынын жалпы көлөмү 506 млн сомду  түзгөн болчу.

1-февралга карата жалпы салыктык карыздын 60%ын түзгөн беш ири компаниялар төмөнкүлөр:

  • «Ак-Кеме» мейманканасы —  418 млн 287 миң;
  • «Евро Транс Плюс» ЖЧКсы — 137 млн 812 миң;
  • «Милен Капитал» ЖЧК сы — 108 млн 108 миң;
  •  ААК «Бишкек машина куруу комбинаты» — 102 млн 081 миң;
  •  «Бишкек кум комбинаты» — 68 млн 715 миң

Аталган компаниялар буга чейин дагы салык боюнча карыз болуп келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM