Биз менен байланышыңыз

Абдылдаев: Аэропорт мамлекеттин менчигинде калат жана көзөмөл функциясын жоготпойт

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 318 | 0

«Аэропорттордун тышкы башкарууга берилиши инфрастуктурасын жакшыртуу, түшкөн каражатты арттыруу, эл аралык деңгээлге жеткирүү максатын көздөйт. Буга чейин инвестиция тартуу аракети ишке ашкан жок. Өкмөт өткөн жылы февралда мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк приватташтырууга жок бербейт. Тагыраагы, аэропорт мамлекеттин менчигинде калат жана көзөмөл функциясын жоготпойт. Мөөнөтү бүткөн соң объекти кайтарылып берилет.

Түркияда бир канча аэропорттор мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизмин колдонуп, кирешесин арттырып жатат. Биз да географиялык жакшы шарттарды эске алып жакшы иштерди жасоо пландалууда» , -деди Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев бүгүнкү маалымат жыйынында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM