Биз менен байланышыңыз

Унаалардын бардык түрү техникалык кароодон өтүүгө милдеттендирилет

Коом , Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 477 | 0

Транспорт жана жолдор министрлиги Кыргызстанда техникалык кароону милдеттүү түрдө кайра киргизүүгө ниеттенип жатат. Ал үчүн тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү пландалууда. Мындай кадам автоунаалардын коопсуздугун камсыздоо максатын көздөйт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулар транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрбөй, тобокелчиликке салып жүрөрүн айтат. Ал эми айдоочулардын басымдуу бөлүгү техникалык кароону милдеттендирүүгө каршы.


Транспорт жана жолдор министрлигинин 2020-2024-жылдарда автомобиль транспортун өнүктүрүү концепциясына ылайык, автоунаалардын бардык түрүнө техникалык текшерүү процедурасы милдеттендирилет. Тийиштүү өзгөрүүлөр транспорт каражаттарынын коопсуздугун көзөмөлдөө максатында жасалып жатат. Техникалык кароого кайтып келүүнүн так мөөнөтү азырынча белгисиз. Бирок 2022-жылга чейин ишке ашырылат. Бул тууралуу министрликтин автомобиль жана транспорт темир жол башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурмат Мусабеков билдирди.

 Транспорт каражаттарын милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү 2022-жылга чейинки аралыкта кириши керек. Анын негизги максаты — адамдардын өмүрүн жана коопсуздугун сактоо, айлана-чөйрөгө зыянды азайтуу. ЕАЭБдин техникалык регламентине ылайык, колдонуудагы бардык автоунаалар категориясына жана колдонуу багытына карабай, техникалык көзөмөлдөн өтүшү зарыл. Анын мөөнөтүн мыйзамдар менен аныктасак болот. Жарым жылбы, 1 жылбы…мөөнөттү мамлекет өзү чечет.  

Техникалык кароо 2012-жылы жоюлуп, текшерүү жүк ташуучу автоунаа, кичи автобустар, автобустар үчүн гана милдеттендирилген.  Учурда жүк жана жүргүнчүлөрдү ишкердик максатында ташыган автокөлүктөр 6 айда бир техникалык кароодон өтөт.

Техникалык кароону автоунаанын бардык түрүнө милдеттендирүү жол кырсыктарын азайтууга шарт түзөт. Анткени учурда көпчүлүк айдоочулар унаасын техникалык көзөмөлдөн өткөрбөй, тобокелчиликке салып айдап жүрүшөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Оторов маалымдады.

— 2019-жылы биздин кызматкерлер 11 миңден ашуун айдоочуга техникалык жактан бузук унааларды башкарганы үчүн чара көрүшкөн. Биздин айдоочулар чет өлкөгө чыгуу учурунда гана кароодон өткөрбөсө, башка кезде эч бир унаа башкаруучу техникалык көзөмөлдөн өтпөйт. Жадагалса, кышкы дөңгөлөктөрдү убагында алмаштырбагандар бар. Тобокелдикке салып, унаа айдап жүрүшөт. Бул сөзсүз түрдө авто кырсыктарга жол ачат. 

Бишкектеги унаа оңдоочу жайлардын биринде иштеген Ислам Жалилов транспорт каражатын техникалык көзөмөлдөн өткөрүү биринчи кезекте айдоочулар үчүн пайдалуу экенин белгилейт. Анын айтымында, автоунааны техникалык кароодон өткөрүүнүн баасы миң сомдон 1 жарым миң сомду түзөт.

— Биз диагностикалык баракча чыгарып, унаанын бузук тетиктерин оңдоо боюнча сунуштарды бере алабыз. Автоунаанын кыймылдаткычын текшерүүнүн наркы 1 миң сомду түзөт. Ар бир бөлүкчөнүн өзүнүн максаты бар. Маселен, унаанын майын алмаштырбаган айдоочу зыянын өзү эле тартат. Кыймылдаткыч бузулса, аны оңдоого 40 миң сом керектелет. 

Ал эми айдоочулар күтүлүп жаткан өзгөрүүлөргө кандай карайт? Айрымдарын кепке тарттык..

— Жалпы айдоочуларга техникалык кароону милдеттендирүүнү колдобойм, кереги жок. Анткени баары акча менен бүтөт. 

— Техникалык көзөмөлдөн баары өтүшү керек. Мен министрликтин демилгесин колдойм, анткени учурда эскы автоунаалар кирип жатат. Абаны булгабай, таза кармоо үчүн ал транспорттордун баарын текшерүүдөн өткөрүү керек. 

— Мен такыр колдобойм. Чынын айтканда, бийлик өзүн багып жүргөн карапайым элден акча өндүрүүнүн амалын таппай, ар кандай эрежелерди киргизип жатат. Ансыз да салык төлөйбүз. Техникалык кароо маселесин коё туруп, башка көйгөйлөрдү чечүү зарыл. 

— Жакшы эле демилге. Анткени коопсуздукту камсыздайт, бизге деле жан керек. 

Техникалык кароону милдеттендирүү, биринчиден, коррупцияга жол ачат. Экинчиден, тийиштүү кызматкерлер бардык транспорт каражаттарын текшерүүгө жетишпейт. Транспорт министрлиги реалдуу кадамдарды ишке ашырышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билдирди. Эл өкүлү жарандардын коопсуздугун камсыздоо багытында жасалышы керек болгон жагдайларга токтолду.

— Жарандардын коопсуздугун ойлосок, эски унааларды ташып келүүдө бажы алымдарын жогорулатуу зарыл. Натыйжада өлкөгө эски унаалар кирбей калат. Мындан сырткары мамлекеттик кызматкерлердин деңгээли төмөн. Алар бардык унааларды көзөмөлдөөгө жетишпейт. Мындан улам техникалык кароону ушул тартибинде калтырып, бажы тарифтерин өзгөртүү керек. Анткени айдоочулар диагностикалык борборлорго барып, унааны текшертпей эле 600 сом төлөп, мөөр бастырып алат. Бизде автоунаалардын 84% эскилиги жеткен. Ошондуктан техникалык кароодон өтүшпөйт. Өзгөрүү кирген күндө да алар акча менен бүтүрүшөт. 

Кошумчалай кетсек, техникалык кароо 2012-жылы алынып салынып, текшерүү жүк ташуучу автоунаа, кичи автобустар, автобустар үчүн гана милдеттендирилген. Учурда жүк жана жүргүнчүлөрдү ишкердик максатында ташыган автокөлүктөр 6 айда бир техникалык кароодон өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM