Биз менен байланышыңыз

Бокс боюнча Олимпиадага лицензия ойнотулуучу мелдеш Иорданияда өтөт

Кыска кабар , Спорт | 27 Янв 2020 | 426 | 0

Бокс боюнча Олимпиада оюндарына тандап алуу мелдеши Иорданияда болот. “Азия жана Океания” аталышындагы турнирди Амман шаарында 3-11-март күндөрү өткөрүү пландалды. Буга чейин бул лицензиялык турнирди Кытайдын Ухань шаарында 3-февралдан 15-февралга чейин өткөрүү пландалган болчу. Бирок ал жерде коронавирус (2019-nCoV) пайда болгонуна байланыштуу токтотулган.

Аммандагы турнирде Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына мырзалар жана кыз-келиндер арасында жалпы 63 жолдомо ойнотулат. Ага Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиевдин жетекчилигинде 7 спортчу катышмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM