Ислам халифалыгы учурунда окумуштуу-аалымдар куугунтукка кабылган эмес деген курулай сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул өткөндү даңазалоо үчүн гана тарыхтагы кара тактарды аң-сезимдүү жашыруунун аракети болгон. Чындыгында, өз өмүрүн илимге арнап, акыйкаттуулук дегенде ичкен ашын жерге койгон аалымдар кайсыл мамлекетте, кандай өкүмдар болбосун, ар дайым чоң сыноолорго дуушар болушкан. Пайгамбарлардын руханий мураскерлери катары саналган чыныгы аалымдар бардык учурларда көралбастардын, кара ниеттердин жана ачык эле душмандык кылган адамдардын жайган тузактарына түшүшкөн. Булардын катарында төрт мазхабдын негиздөөчүлөрү – имам Аззам Абу Ханифа, имам Шафи, имам Малик жана имам Ахмад бин Ханбаль да болгон. Бул окумуштуулар абассиддердин жана омеййаддардын башкаруу учурларында жашашкан. Ошол учурдагы башкаруучулар да дин исламды тутунуп, өлкөнү шариаттын негизинде башкарышса да, аалымдарды көз карандысыз шарий чечимдери үчүн, ишеними жана канкор башкаруучулардын зулумдугун жашыруучу идеологиялык курал болуп берүүдөн баш тарткандыгы үчүн куугунтукка алышканы сыр эмес.
Бул белгилүү төрт аалымдан кийин келген мусулман аалымдары да башкаруучулардын аларга көрсөткөн азабын тартышкан. Мындай шыбагадан “Аль-Масбут” аттуу даңазалуу жана көлөмдүү эмгектин автору, ханафий мазхабынын улуу аалымы Мухаммад ас-Сарахси да куру калган эмес. “Аль-Мабсутун” кандай шартта жазылгандыгы тууралуу көпчүлүк адамдар биле беришпейт.
Имам Сарахсини терең зынданга салгандар анын мындай шартта ушунчалык көлөмдүү эмгекти жасап чыкканына түшүнө алышкан эмес. Түшүнбөгөндүгүнүн себеби – кагаз, калем, сыясы жана китептери жок зындандын түбүндө жаткан аалымдын ушунчалык чоң эмгекти аткаргандыгы ойго келбеген иш эле. Ал кездин зулум башкаруучусу “имам зындандын түбүндө чирип өлөт” деп ойлогон. Бекеринен имам Сарахсини окумуштуулардын арасында “Шамсу аль-Аимма” “Имамдардын күнү” деп аташпаган чыгар. Китеп жазууга эч кандай шарты жок ошол зындан билимдүү интеллектуал үчүн кыйынчылык деле жараткан эмес. Ал үчүн атайын комфорттуу шарттын болушу китеп жазуу үчүн маанилүү болгон эмес. Имам Сарахсинин шакирттери өздөрүнүн устатын Өзгөн чебиндеги түрмөгө жалгыз калтырып кетишкен эмес. Окуучулар жердин үстүндө, имам жердин астындагы терең казылган чүңкурда жатса да, өзүнүн окуучуларына сабак бергенин уланта берген. Имам Сарахси 30 томдон турган “Аль-Масбутту” шакирттерине оозеки айтып берген. Китепти жазып жаткан учурда башка бир дагы китептин бетин ачкан эмес. Анткени ага китеп окуганга да тыюу салынган эле. Имам бул китепти 15 жылдын аралыгында эсиндеги маалыматтарга таянып жазган. 1087-жылы аалым зындандан чыгарылган. Ушундан үч жыл өткөндөн кийин 81 жашында дүйнөдөн өткөн. Айрым бир маалыматтарда киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү да айтылат. Зынданга түшкөндө белгилүү имамдын жаш курагы 64 жашта болгон. Жашы өтүп калганына карабастан, тагдырдын оор сыноосу аны дээрлик 15 жыл зынданда өмүрүн өткөрүүгө мажбур кылган.
Бул учурлар анын өмүрүндөгү абдан оор учурлар болчу. Мусулмандарды улам-улам жаңы сыноолор күтүп турган.Кресттүүлөрдүн чыгышка болгон жортуулдары ыймандуулардын жерин бир жагынан солкулдатса, экинчи жагынан Караханид мамлекетиндеги ич ара ыйкы-тыйкы согуштар өлкөнү дал-далынан кетирип турган. Дал ушул учурда мамлекет башкаруучулар өздөрүнүн окумуштууларына кысым көрсөтүп келишсе, айрымдарын түрмөлөргө ыргытып турушкан. Күн сайын салыктардын көлөмү өсүп, карапайым элдин жонунан кайыш тилинип чогултулуп турган. Ушундай кысталыш кезде имам Сарахси мамлекеттик саясаттагы ашачапкандыкты кескин сындап, өлкө башчыларынын өзүм билемдигине каршы чыккан. Бирок мамлекетти сындагандай ал ким эле? Так ушундай учурда бийликке жагынган шыбырагычтар пайда болуп, алар имамдын айткан сөздөрүн төкпөй-чачпай башкаруучу Хакан Амир Хасанга жеткирип барышат. Имамды илим жолундагы белгилүү аалым болгонуна, жашы өтүп калганына карабай, элди козголоң уюштурууга даярдап жатат деген кине коюлуп, куугунтук зынданга таштоо менен аяктаган.
Ал өз өмүрүндө жазып кеткен китептерин тизе турган болсок, адам боюнан бийик болот. Имам Сарахси узак өмүр сүрүп, эч качан турмушуна наалыган эмес. Өмүрүнүн эң оор учурларында да шакирттери менен биргеликте динге кызмат кылуусун уланта берген. Имам Сарахсиге төмөнкү сөздөр таандык: Өз көмөчүнө күл тарткан мээси жок кудайтааныбагандардын айынан Алланын бечара кулу мекенин таштап кетүүгө жана башкаруучунун буйругу менен түрмөдө отурууга аргасыз болду. Алла аларды каарына алып, башкаларга сабак кылсын!”. Биз эмне дей алабыз? Чын эле ушул окуялар башкаларга сабак болсун!