Биз менен байланышыңыз

АКШ ирандыктардын соккусунан жаракат алган жоокерлерин дарыланууга жөнөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 452 | 0

Ирактын аймагында жайгашкан Айн-эль-Асад америкалык аскердик базасына Иран тарабынан урулган ракеталык соккудан кийин жаракат алган америкалык аскерлердин кошумча тобу Германияга дарыланууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачылыгынын өкүлү Билл Урбан билдирди. Анын айтымында, жаракат алган аскерлер Германияга амбулатордук шартта дарыланууга жана ден соолугун чыңдоо үчүн жөнөтүлүп жатат. Аскерлердин так саны жөнүндө маалымат айтылган эмес. The Washington Post гезитинин булактары жөнөтүлгөн аскерлердин саны анча көп эмес деп билдирген.

17 январда америкалык Defense One порталы ирандыктар Айн-эль-Асаддагы АКШнын аскердик базасына сокку урганда 11 америкалык жоокердин контузия алгандыгын тууралуу маалымат берген. Кийинчерээк алар медициналык изилдөө үчүн Германиядагы аскердик госпиталга жеткирилген.

Эскерте кетсек, Орто чыгыштагы кырдаал АКШ “Аль-Кудстун” башчысы ирандык генерал Сулеймани өлтүргөндөн кийин курчуган. Генералдын өлүмүнө жооп катары Иран 8-январда АКШнын Айн-эль-Асад жана Эрбилдеги америкалыктар колдонуп жүргөн аэропортко ракеталык сокку узатышкан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM