2019-жылдын 11 айындагы Кыргызстандан сыртка которулган акчанын көлөмү 493 миллион 450 миң долларды түздү. Мындай маалыматты Улуттук банк жарыялады.
Бул жеке жактардан которулган акчалар.
Маалыматтар ачык жарыяланып баштаган 2005-жылдан берки өлчөмдү алсак, бул каражат 11 айдын ичиндеги экинчи ири көрсөткүч болуп саналат.
Рекорддук көрсөткүч 2018-жылдын январынан ноябрына чейинки аралыкта катталып, сыртка которулган каражаттын көлөмү 494 миллион 480 миң сомду түзгөн.