Омар Хайям Нишапури
Омар Хаям Хоросанга тиешелүү Нишапур шаарында 1048-жылы туулган. Азыркы тапта бул жер Ирандын Хорасан-Резеви деп аталган провинциясына карайт. Омор Хаямдын атасы чатыр жасаган уста эле. Өзүнөн башка Айша аттуу карындашы гана болгон. Омор 8 жашынан математика, астрономия, философия илимдерин тереңдетип үйрөнө баштаган. 12 жашында Нишапурдагы медреседен билим, таалим-тарбия алган. Кийинчерээк Балхада, Самаркандда, Бухарада билим алуусун уланткан. Бухарадан мусулман укугу фыкых жана медицина боюнча курсту артыкчылык менен бүтүрүп, дарыгер болуп чыккан.
Омар Хаямдын балалык курагы Орто Азияда сельжуктардын бийлиги өкүм сүрүп турган доорго туш келген. Бул учурда көптөгөн адамдар өлүмгө дуушар болуп, алардын ичинде бир канчалаган илимпоз-аалымдар да оо дүйнөгө сапар алып кете беришкен эле. Бул тууралуу “Алгебра” деген китебинин баш сөзүн жазып жатып эскерип кеткен кайгылуу жери бар:
“Биз көптөгөн окумуштуулардын өлүмүнө күбө болдук. Алардан аз гана киши калды. Ошол кездердеги тагдырдын катаалдыгы илимпоздорго баш-оту менен илимге берилип иштөөсүнө жолтоо болгон. Азыркы учурда сыртынан окумуштууга окшогондордун көбү чындыктын сыртына жалганды кийгизип койгондор. Булар илимде жасалмалуулук менен эки жүздүүлүктүн чегинен чыга алышкан жок. Ушундай адамдар кокус эки жүздүүлүктөн качып, жалганчылыктан баш тарткан, чындыкты сүйүп, адилеттүлүктү издеген кишини жолуктуруп калса, аны мыскылдап, жерип, күлкүгө айлантышар эле.
Он алты жашында Омар Хаям ата-энесинен ажырап, башынан биринчи жолу жамандыкты өткөрдү. Алар жугуштуу тумоодон көз жумушкан эле. Омор атасынан калган үйдү, өнөрканасын сатып жиберип, Самаркандды көздөй сапар тартат. Самарканд ал кезде Чыгыштагы илимдин борбору, маданий очок катары саналган шаар болчу. Ушул шаарда Хаям медресенин окуучусу болуп, бир канча талкууларга катышкан соң, көпчүлүктү терең билими менен таң калдырган. Бул жетишкендиги үчүн аны медресеге насаатчы мугалим кылып коюшат.
Өз учурундагы көптөгөн аалымдар сыяктуу эле Омар да кайсы бир шаарга көпкө токтолуп турган эмес. Самаркандда төрт жыл тургандан кийин Бухарага көчүп кеткен. Букарада китеп сактай турган жерде иштей баштаган. Бул шаарда жашаган он жыл аралыгында ал өзүнүн математика боюнча фундаменталдуу төрт трактатын жазып койгон.
1074-жылы аны Санжарлардын борбору болгон Исфахан шаарындагы селжуктардын султаны Мелик шах-1нин сарайына чакырышат. Шахтын башкы увазири Низам-аль-Мүлктүн колдоосу менен Омор шахтын руханий насаатчысы болгон. Эки жылдан кийин Мелик шах Оморду дүйнөдөгү эң чоң деп саналган сарай обсерваториясынын башчысы кылып бекиткен. Бул кызматта иштеп жүрүп, Омор математика менен алектенип жүрүп эле белгилүү астроном да болуп да болуп чыга келген. Бир канча окумуштуулардан турган топ менен ал күн календарын иштеп чыккан. Бул календарь григориан календарына караганда так болгон. Ошондой эле, ал Малик шахтын астрономиялык таблицаларын түзгөн. Ушул эле жерден 1077-жылы Евклиддин китебинин киришүсүндөгү кыйынчылыктарга комментарийин жазган. Бул үч китептин бири эле. Кийинкилеринде сандардын окуусу тууралуу мамилелелердин теориясын жазган. Бирок 1092-жылы Мелик шахтын жана Низам-аль Мүлктүн өлүмү менен анын турмушундагы исфахандык доор акырына чыккан. “Кудайга акараат келтирди” деген жалган жалаа жабылган окумуштуу селжук борборун таштай качканга аргасыз болот. Омордун өмүрүнүн акыркы учуру тууралуу замандашы, күйөө баласы Бейхаккинин сөздөрүнөн гана биле алабыз:
Бир сапар “Шыпаа табуу аттуу” Улукман акенинин китебин окуп жатып, ажалдын ага жетерине аз эле калганын сезген. Ал китептин бөлүмүндөгү метафизикалык эң оор суроого баш катырып жатканда токтоп калган. Колунда кармап турган китебин жаап, өзүнүн эң жакын шакирттерин чакырган. Мурас кагазын жазып бергенден кийин наар албай койгон. Өлүм алдында акыркы намазын окуп, саждага чекесин тийгизген бойдон: “Ээ Алла, кечире көр. Колуман келишинче мен сени тааныганга аракет кылдым. Өзүңдү тааныгандан кийин колумдан келишинче Сага жакындадым” деп туруп акыретке аттанып кеткен.
Материалды даярдаган: Алиаскар Сагымбаев