Connect with us

Суфизмдин пайда болушу

Блог | 10 Янв 2020 | 980 | 0

Ислам илимдеринин өнүгүшү көрсөткөндөй, исламдын пайда болушунун алгачкы күндөрүндө шариаттын нормалары жазылган эмес. Сыйынууга, ибадат, ишенимге байланыштуу мыйзамдар менен нормалар утуру-утуру кайталанып, ишке ашырылып, жаттап алынып, эске тутуп калууга эң оңой болгон. Ошол себептүү шариат нормларын чогултуп жазып коюу көп деле кыйынчылыктарды жараткан эмес. Бул өзүнчө алып караганда жеке турмуштук баяндама сыяктуу нерсе болгон. Кантип жашап жатканыбызды кагаз бетине түшүрүп койгондой эле кеп десек да болот. Экинчи жагынан алып карап караганда биз жогоруда айтып өткөн ислам илимдеринин тармактарынын биздин жашообуз үчүн мааниси абдан зор болуп саналат. Өзүн “мусулманмын” деп эсептеген ар бир адам бул нерсеге кайдыгер карабашы керек. Ошол себептерден улам, ислам илимпоздору эң ириде диний билимдердин дал ушул тармактары боюнча темаларга арналган китептерди жана китепчелерди жаза башташкан. Укук таануучулар юриспруденция боюнча китептерди чыгарышса, хадистерди мыкты билгендер – хадистерди чогултуп жазууга киришкен. Ал эми уламалар болсо, диндин негиздерин түшүндүрүшсө, Курандын коментаторлору Куран илимдери боюнча чечмелөө иштерин жүргүзүшкөн. Ар бири эч нерсеге салыштыргыс чоң ыклас жана зор кайрат менен өз тармагында ислам дининин чындыктарын ачык жана так чагылдырууга жетишишкен.

Ошол эле учурда суфизмдин билермандары Мухаммед пайгамбарыбыздын Чындыгынын руханий тарабына зор маани беришкен. Булар адамзаттын маңызы, дүйнө таанымдын негиздери, жана адам менен Ааламдын ички динамикасына өзгөчө көңүл бурушкан. Алар Чындыкты материалдык дүйнөнүн алкагынан сырткары көрүүгө аракет кылышкан. Куранды түшүндүрүүчүлөрдүн жана хадистердеги маалыматтарга, ошондой эле юристтер чыгарган укуктук чечимдерге карата токтоолугун, руханий практикасын, жүрөктөрдүн тазаланышына, жан дүйнөнүн тазаланышына терең маани беришип, динди түшүнүп, аны турмушка ашыруудан болуп көрбөгөндөй ыракат алышып, суфизм мектебин иштеп чыгышкан. Ушундан улам, исламдын руханий турмушу жан дүйнөнүн активдүүлүгү менен байланышкан практикалык платформага толугу менен таянган. Кудайга ишенгендердин диндарлыгы, бышыктыгы, кылдаттыгы жана сезимталдыгы, сүйүүсү жана аларды жакшы көргөндөрдү шыктандыруусу, алсыздарга, жакырларга, кыйналгандарга жардам берүүсүнөн улам илимий трактовкага ээ болуп, өзүнүн методикасы, закон ченемдүүлүгү, маселелери, чектери, эрежелери менен катар терминологиясы бар суфизм илимин жаратышты.

Учурда бул илимий практиканын ар түрдүү багыттары болгону менен өзүнүн маңызы боюнча Мухаммед пайгамбардын тиешелүү чындыгынан гана азыктанып турат.

“Медалдын эки бети бар” деген сыяктуу өзүн көзөмөлдөгөн аскетизм, өзүнө сынчыл мамиле кылуу аркылуу ишке ашырылган шариаттын так мыйзамдары менен шариаттын жаңы деп саналган нерселер кээ бир адамдар тарабынан эки башка нерсе сыяктуу кабыл алынган. Буларды бири-бирине карама-каршы келген эки башка тармак катары карап келишкен. Адамдар биринчисинде таза демонстративдүүлүк (көрсөтмөлүүлүк) бар дешсе, экинчисинде сакраменталдуулук (ыйыктык) бар деп эсептешкен. Сыртынан караганда мындай тирешүүнү бир жагынан ислам укукчулары менен муфтийлер колдошсо, экинчи тарабын суфийлер колдогондой түрү бар. Ар бири биринчи планда өз тармагындагы билимди даңазалагысы келгендей сезилет.

Укукчулар, хадис билермандары жана Куранды түшүндүрүүчүлөр Мухаммед пайгамбарыбыздын убагынан бери белгилүү бир ыкмалар жана эрежелерге таянып келишкен. Алар Куран жана Сүннөткө кайрылышып, өз тармактарында көптөгөн мыкты эмгектерди жазып калтырышкан. Суфийлер да өз кезегинде ушундай алгачкы булактардан аскетизм, өзүнө сынчыл пикирде болуу, өзүн көзөмөлдөө, жан дүйнөдө болгон ар кандай абалдарга өздөрүнүн сүйүү, шыктануу, руханий экстаз, өзүн унутуу, алаксуу, сүйүнүү, шыктануу сыяктуу сезимдерин кошушкан. Муну менен алар адамдар арасындагы эки жүздүү, эл көрсүн деген адамдарды туура багытка бурууну көздөшкөн.

Чындыгында, эки тараптын тең максаты Жараткандын буйруктарына жана тыюуларына кыянатчылык кылбай, Алла Тааланын ыраазычылыгына жетүү эле. Бирок иштин жүрүшүндө ислам критерийлерине ылайык тең салмактуулукту орнотуу кыйынчылык жаратты. Адамдар биз азыркы күндөрдө да көрүп тургандай чектен чыгышып, бир канча жээктерге бөлүнүп калышты. Мындай учурда фундаменталдуу айырмачылыктар тууралуу сөз кылууга мүмкүн да эмес эле. Ошондой эле түрдүү диний аспектилерди баяндоо жана кээ бир топтордун жүзү менен көрсөтүүнү бөлүп-жаруу деп айтканга болбойт. Анын ичинде ислам юриспруденциясы ибадат кылуунун эрежелери жана социалдык-укуктук нормалар менен алектенет. Башкача айтканда, адамдын акылын өстүрүү жана физикалык саламаттыгын, жүрүм-турумун жөнгө салат. Ал эми суфизм болсо, адамга руханий тарбия берүү жолунда жүрөктү тынчтандырып, тазалоо, адамдын жан дүйнөсүнүн жана турмуштук тонусунун деңгээлин көтөрүүгө ылайыкталган. Бул адамдын өзүн жетилтүүсүнө өбөлгө түзөт. Мындан эч кандай бөлүнүү менен карама-каршылыкты көрүүгө болбойт. Бөлүнүү жөнүндө кеп болбошу керек. Себеби суфизм менен юриспруденция бир униврситеттин эки факультетин таанытат. Ар бир факультет өздөрүнүн студенттерине шариаттын эки тарабын тең үйрөтүп, турмушта колдонуусуна түрткү берет. Бул факультеттер бири-бирин толукташып, университеттердин бүтүндүгүн сактап турушат. Булардын бири кантип сыйынуу керектигин, ибадаат кылуу үчүн тазаланууну, намаз окууну, орозо кармоону, зекет төлөөнү, жарандык мамилелерде кандай принциптерди карманыш керек экендигин үйрөтсө, ал эми экинчиси көңүл чордонун ибадаттардын байланышына, жүрөк менен жан дүйнө аркылуу кылынган укуктук мамилелерге басым жасайт. Булардын жардамы менен формалдуу адамгерчиликти чыныгы руханий адамгерчиликке которуп, кемчиликсиз адам болуунун жолдоруна багыт көрсөтөт. Ошондуктан, эки тарап тең бири-биринен баркталбаган мамилени күтпөйт.

Суфизмдин туу чокусуна чыккандар ар дайым шариаттын фундаменталдуу принциптерине таянышкан. Алар өздөрүнүн ойлорун Куран менен сүнөткө ылайыкташкан. Мухассибинин “Васая” жана “Риая”, Каллабзинин “ат-Таарууф ли мазхаби ахлит-тасаввуф”, Тусинин “аль Лума”, Абу Талиб Меккенин “Кутуль-кулуб”, Кушайринин “Рисала” сыяктуу эмгектери суфизм адабият казынасынын берметтери болуп саналат. Бул улуу инсандардын сапарын Худжжатуль-ислам Имам Газали аттуу залкар адам уланткан. Анын “Ихья улумид-дин” аттуу даңазалуу эмгеги суфизмдин сапарын кайта баштан анын эрежелери менен бирге карап чыккан. Имам Газалинин дал ушул эмгегинен кийин бири-бирине карама-каршы агымдагы дин илимпоздору биригишип, ортодо бирдиктүү, жалпы көп нерселери бар экенине ынанышкан.

Бардык шариат илимдери сыяктуу эле, суфизм да негизги нерсени Курандан, сүнөттөн, өтүп кеткен такыбалардын чечимдеринен алып, көңүлдү илимге, таанып билүүгө, чынчылдыкка жана жакшылык көрсөтүүнүн жолуна бурат.

Суфизмдин жана жогорку адеп-ахлактын жардамы менен Жараткандан алган башталыштар өзүнүн апогейине жетип жатат. Напси менен күрөшүү, обочолонуу, сыйынуу жана өзүнө көзөмөл жасаганда гана көшөгөлөр ачылып, адам башкача жашоонун, жыргалчылыктын атмосферасына чөмүлүп сүңгүп кирет. Ушундай жол менен терең ишеним өз кезегинде таттуу сезимдер коштолуп, жарык чачкан көз караш көшөгө тартылган материянын ар жагын көрүүгө да мүмкүнчүлүк түзүп, адамды туруктуу жана бузулгус мүнөзгө чейин өстүрүп-жетилтет.

Материалды даярдаган: Алискар Сагымбаев

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM