Биз менен байланышыңыз

Иран өзөктүк келишимден чыга тургандыгын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Янв 2020 | 2971 | 0

Иран парламенти Ислам мамлекети менен күрөшкөн эл аралык коалициядан чыгуу жана Ирактын аймагында бардык чет өлкөлүк аскердик күчтөрдүн кийлигишүүсүнө каршылык билдирген чечимдердин пакети үчүн добуштарын беришти. Ошондой эле өзөктүк келишимдеги центрифугаларга тиешелүү акыркы чектөөдөн баш тарткандыгын билдирди. 

Германия канцлери Ангела Меркель, Франция президенти Эммануель Макрон жана Улуу британиянын  премьер-министри Борис Жонсон Иранды Биргелешкен жалпы аракеттердин планына туура келбеген кадамдардан алыс болууга чакырды.

Европа өлкөлөрүнүн лидерлеринин чакырыгы АКШ куралдуу күчтөрүнүн Багдаддын Эл аралык аэропортунда жүргүзгөн атайын операциясынын натыйжасында өлтүрүлгөн ирандык генерал Касем Сулейманиге байланыштуу чыңалуу эскалациясынын фонунда жаңырды. Өз кезегинде Иран бул өлтүрүү үчүн өч аларын билдирип, центрифугаларга тиешелүү өзөктүк келишимдин акыркы чектөөсүнөн баш тарта тургандыгын билдирген. Ошондой эле Иран парламенти Ислам мамлекети менен күрөшкөн эл аралык коалициядан чыгуу жана Ирактын аймагында бардык чет өлкөлүк аскердик күчтөрдүн кийлигишүүсүнө каршылык билдирген чечимдердин пакети үчүн добуштарын беришти.

Биз Иранды мындан ары зордук-зомбулук көрсөтүүчү жана өзөктүк келишимдерге туура келбеген аракеттерди жасабоого чакырабыз, — деп европалык лидерлер билдирүү таратышкан.

Бул фондо үч өлкөнүн лидерлеринин пикири боюнча, десэкалациялоону күчөтүү зарыл экендиги айтылды.

Ал эми Иракты үч европалык лидер Ислам мамлекети  менен күрөшкөн коалицияны колдоону күчөтүүгө чакырды.

Меркель, Макрон жана Жонсон бардык тараптар менен иштешүүсүн улантып, региондо чыналууну азайтып, коопсуздукту камсыз кылууга болгон аракетин жумшаарын билдиришти.

Сулейманинин өлүмү

Региондогу кырдаал АКШнын Ирактагы жана Сириядагы шииттердин “Каттаиб Хезболлах” группировкасынын объекттерине чабуул жасоосуна байланыштуу курчуган. Пентагондо бул аракетти Киркукка жакын ирактык базадагы АКШ жаранынын өлүмүнө жана 4 америкалык аскердин жарадар болушуна каршы жооп болгондугу менен түшүндүргөн.

Мындан соң нааразы болгон шиитер Багдаддагы америкалык элчиликке чабуул коюшкан. АКШ кайрадан бул акциялардын инспиратору деп эсептелген Сулейманинин өлүмү менен аяктаган окуя менен жооп беришкен.

Өзөктүк келишим боюнча кырдаал

Иран жекшемби күнү өзөктүк келишимдеги центрифугалардын санына байланышкан акыркы маанилүү чектөөдөн баш тарткандыгын жарыялаган. Ошондой эле, мындан ары Ирандын өзөктүк программасы боюнча иштөөсүнө чектөө жок экенин билдирди.

Анткен менен Тегеран МАГАТЭ менен мурдагыдай эле кызматташтыгын уланта берерин билдирген. Эгерде Ирандын кызыкчылыгына каршы келген санкциялар алынып салына турган болсо, милдеттемелерди аткарууга кайтып келүүгө даяр экендигин билдирген.

Иран алгачкы жолу бир катар өзөктүк келишимдерди аткаруудан баш тартты. Бул Вашингтондун өзөктүк келишимди аткаруусунан баш тарткандыгын бир жылдыгына туура келген. Себеби АКШ 2018-жылдын 8-майында өзөктүк келишимдерди аткаруудан баш таркан.

Тегеран бир жылдан кийин бул тууралуу “стратегиялык сабырдуулук” деп жооп берген. Келишимдин бир катар пункттарын аткаруудан баш тартуу байытылган уран жана оор сууларга тиешелүү болгон. Натыйжада, Тегеран милдеттемелердин экинчи этабын кыскарткандыгы тууралуу билдирүү таратып, Иран уранды канча көлөмдө колдоно тургандыгын өзү билет деген. Үчүнчү этап 6-сентябрда башталып, бир катар центрифугалардын ишке киргенин жана өзөктүк изилдөөлөрдүн сферасында чектөөлөргө моюн бербей тургандыгын айткан.

Төртүнчү жолу Иран келишимдеги милдеттемелерди аткаруудан 6-ноябрда баш тарткан. Бул уранды байытуу боюнча Фордо объектисиндеги центрифуганы ишке киргизүү менен башталган. Бул учурда Натанздагы комплекс мындай максаттарды ишке ашыруучу жалгыз объект катары каралган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM