Биз менен байланышыңыз

Президенттик жана бир катар мамлекеттик сайттар дагы деле иштей элек

Кыска кабар | 3 Янв 2020 | 843 | 0

Жаңы жылдан кийин Президенттин жана gov доменине караштуу бир катар мамлекеттик органдардын сайттары иштебей турат.

Ал эми бул порталга тиешеси жок Айыл чарба министрлиги, Финансы министрлиги жана ӨКМдин сайттары иштеп жатат.

Өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгуловдун айтымында,  тиешелүү адистер тарабынан айрым иштер убагында кылынбай калгандыктан, сайттардын иши үзгүлтүккө учураган.

-Ар бир жылдын башында доменге байланыштуу тиешелүү процедуралар аткарылышы зарыл. Бул боюнча адистердин ишинде мүчүлүштүктөр кетип калыптыр. Учурда көйгөй жоюлуп, көпчүлүк сайттар иштей баштады.

Аталган сайттардын мобилдик версиясы ачылганы менен компьютерден кирүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Алар төмөндөгү сайттар:

  • Өкмөттүн;
  • Тышкы иштер министрлигинин;
  • Юстиция министрлигинин;
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM