Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылга карата мөмө-жемиштин баасы?

Коом | 30 Дек 2019 | 515 | 0

Кереметтүү кычыраган кыш менен чогуу келген жаңы жыл  ар бир эле адамды  кубандырбай койбойт. Жаңы жылга карата азыр ар бир үйдө катуу даярдык жүрүп жаткан учур эмеспи. Андыктан баары үйүн кооздоп, жаңы жылдык балаты коюп даярданышса, кээ бирөөлөр жөн гана майрамдык дасторконду кандай тамак-ашка толтурсам деп ойлонушат. Мындан улам, учурда базарларда азык-түлүктүн баалары кандай болуп жатканын билүүгө аракет кылдык.

-Жаңы жылга карата дасторкон көркү үчүн мөмө-жемиштин бардык түрүн алышат. Көбүнчө апельсин, мандарин алышат. Жаңы жылга карата мөмө-жемиш саткан жерлер көп болгондуктан, баалары кымбат эмес. 

Аламүдүн базарында мөмө –жемиш саткан Анара Сүйүнбаева досторконду толтуруу үчүн мөмө-жемиштердин бардык түрүн алып жатышканын, мөмө-жемиштер көп болгону үчүн баалары анча кымбат эмес экенин айтат.

Мисалга алсак, мандариндин килограммы 70 сом, ал эми алмалардын түрүнө жараша баалары 50 сомдон жогору.

Ошондой эле балыктын баасын да сурап көрдүк, 1 балык 200 сом, 2 балык 1 үй-бүлөгө жетет дейт сатуучу.

-Балыктын бирөөсү 200 сом, жыл сайын жаңы жылга жакын балык сатам. Өзгөчө жаңы жылга жакын көп алышат. 

Жаңы жылды тосууда ар бир үй-бүлөдө жаңы жылдык дасторкон жайылат. Баары майрамга даамдуу тамак-аш даярдап, үй-бүлөсү, достору менен көңүлдүү тосууну көздөйт эмеспи.

Көпчүлүк шаар тургундар азык- түлүк алууга жана белек алууга шашып жүрүшөт. Биз менен маектешкендер Жаңы жылды үй- бүлөсү менен биргеликте, дасторкон жайып тосо турганын айтышты.

-Жаңы жылда үй-бүлөбүз менен чогуу тосуу адатка айланып калган. Быйыл дагы дасторкон жайып, баарыбыз чогуу отурабыз. Эртең конок тособуз, ошого азык-түлүк алып жүрөм. Мөмө-жемиш, торт, ошондой эле кичинекей балдарга белек алайын деп жатам.

Дасторконду кооз жана толо даамдуу тамак-аш менен кооздоого мөмө-жемиш, суусундук, таттуулар жетиштүү. Андыктан бааларын да эсептеп көрүүнү туура көрдүк:

Торт- 400 сом;

Мандарин -70 сом;

Алма-50 сом;

Ананас-120 сом;

Банан-100 сом.

Эскерте кетсек, бул жылы кыргызстандыктар жаңы жыл майрамдарына карата 1-январдан 7-январга чейин эс алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM