Биз менен байланышыңыз

Сомалиде болгон жардыруудан 60тан ашуун жаран каза болду

Кыска кабар | 29 Дек 2019 | 660 | 0

Сомалинин баш калаасы Могадишодо өткөрмө бекетте бомба жарылып, 60тан ашык киши өлдү. Бул акыркы жылдары Могадишодо болгон кол салууларда эң көп курмандыктарды алып келген окуя деп саналууда.

Жарылуу боюнча азырынча бир да топ жоопкерчилик ала элек. «Ал-Каида» менен байланышы бар «Аш-Шабааб» террордук тобу Сомалиде утур-утур ар кандай кол салууларды уюштуруп келет. «Аш-Шабааб» тобунун согушкерлери 2011-жылы өлкөдөн чыгарылган.

Могадишонун мэри окуя болгон жерде сүйлөп жатып жарылуудан 90дой адам жараат алганын,  алардын көпчүлүгү  студенттер экенин айтты. Ошондой эле төрт чет өлкөлүк жаран да каза тапкан. Жараат алгандардын саны 10дон ашык, алар  ооруканага жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM