Биз менен байланышыңыз

Баткен аэропортунун жетекчисине кысым көрсөтүлдү

Кыска кабар | 29 Дек 2019 | 479 | 0

Баткен аэропортунун жетекчиси Нургазы Жаныбеков президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Ал өзүнүн кайрылуусунда бир топ убакыттан бери Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаев тарабынан кысым көрсөтүлүп, ошондой эле   Ош аэропортунун жетекчиси дагы колдоп жүргөнүн кошумчалаган.

Баткен аэропортунун жетекчиси Нургазы Жаныбеков Ош аэропортунун жетекчилиги тарабынан кысымга кабылып, жумуштан кетүүгө даяр экенин  өзүнүн FACEBOOK  баракчасына жарыялаган.

Мындан улам ал президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, ушул жылдын 24-октябрь күнү Баткен облусунун прокурору Бакыт Халмурзаев менен Баткен аэропортунун аймагында пикир келишпестик болгонун айткан.

Мындан улам  Ош эл аралык аэропортунун жетекчиси Талант Исаков Нургазы Жаныбековду кысымга алып, жумуштан кетүүгө ачык мажбурлаган.  Жаныбеков Кыргызстанда авиация тармагында коррупция күч алганын, Баткен аэропорту “эл аралык” макамынын талаптарына жооп бербей тургынын айтып чыкты.

39 жаштагы Нургазы Жаныбеков 2018-жылы 4-июлда Баткен эл аралык аэропортунун жетекчиси болуп дайындалган. Ал бир канча жыл журналист болуп эмгектенген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM