Биз менен байланышыңыз

Алгачкы ирет мигранттар эл каттоодон өтөт

Кыска кабар | 29 Дек 2019 | 801 | 0

 2020-жылы боло турган эл жана турак жай фондун каттоодо алгачкы ирет мигранттар тууралуу маалымат чогултулат.  Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Эл жана турак жай фондун каттоону уюштуруу тобунун жетекчиси Анара Кудакеева билдирди.

Анын айтымында, мындай жол менен Улуттук статистика комитети мигранттардын реалдуу санын, алар кайсы өлкөдө, эмне иштер менен алек болорун билгиси келет. Бул жолку эл каттоодо иштөө максатында чет өлкөгө чыгып кеткен мигранттар боюнча маалымат чогултулат. Документке мигрант катары киргизиш үчүн ал адам өз мекенинен бир жылдан ашык убакытка кеткен болушу керек. Бир нече гана айга сыртка чыккан адам туруктуу жаран катары эсептелет.

Эл каттоо учурунда Кыргызстандан бир жылдан ашык убакытка иштөөгө  кеткен жарандар мигрант катары эсепке алынат. Мындан тышкары, эл каттоо учурунда майып адамдар тууралуу маалымат топтолот.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 27-мартынан тарта Кыргызстанда калкты жана турак жайды каттоо жүрөт. Анда кыргызстандыктар 19 суроого жооп беришет. Бул жолу эл каттоо— алгачкы жолу электрондук форматта өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM