Биз менен байланышыңыз

Бүгүн президент маалымат жыйынын өткөрөт

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 942 | 0

Бүгүн, 25-декабрда президент жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт. Жыйынга катышуу үчүн 188 журналист аккредитациядан өткөн. Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болсо, 28и —Тышкы иштер министрлигинде катталган 15 чет өлкөлүк ММКнын журналисттери.

Мамлекет башчынын маалымат жыйыны Бишкек шаарында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Сооронбай Жээнбековдун маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн курган биринчи жыйыны 2018-жылдын 19-декабрында болгон.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка 2017-жылдын 24-ноябрында расмий киришкен.

Copyright © 2017 Maral FM