Биз менен байланышыңыз

Стадион куруу дымагы: жер чечилбесе, гранттан куру калабыз

Спорт | 23 Дек 2019 | 1570 | 0

Бишкек шаарынын түштүк магистраль тарабына курула турчу спорттук комплекс үчүн дагы деле болсо жер маселеси толугу менен чечилип бериле элек. Эгерде ушул жылдын 31-декабрына чейин жер берилбей турган болсо, бул долбоор үчүн бериле турчу гранттар башка өлкөлөргө берилип кетүүсү толук ыктымал.

Быйыл Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунун 1/8 финалына чыккандан кийин коомчулук жана жогорку жетекчилик тарабынан заманбап футболдук стадион куруу маселеси көтөрүлө баштаган. Акыркы учурларда спорт аянтчаларын реконструкция кылуу иштери жүргүзүлбөй келет. Бийлик убадалаган 30 гектар жер тилкесине спорт комплексин куруу пландалган. Жер тилкесин берүү шаардык мэриянын компетенциясына киргендиктен, ижарага берилген жердеги обьектилер бүтпөгөндүгү себебинен, ал жер жалпы спорттук комплекс курууга сунушталган.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын баш катчысынын орун басары Нурдин Букуев негизги көйгөй жер тилкеси экенин айтып, бул маселе жакын арада чечилбесе, Кыргызстан бериле турчу гранттан куру жалак калышы мүмкүн экенин эскертти.

-Биз кээде гана спорттук мелдештер өтө турчу стадион эмес, өзгөчө жаш балдар системалуу түрдө машыга турган, заманбап көп тармактуу футбол аянтчасын курууну пландап жатабыз. Чет элдик өнөктөштөр жана FIFA  эл аралык футбол федерациясы  чоң суммадагы каражат бөлөбүз деп убадалап жатышат. Аларга ушул жылдын 31-декабрына чейин жообун беришибиз керек, бирок ушул кезге чейин жер маселеси чечилбей жатат.  Эгер мэрия жер маселесин чечип бербесе, футбол талаасынан да кур калабыз. Футбол талаасы бүтсө, кайра мэриянын балансына өткөрүп беребиз. 

Ошондой эле, Бишкекте көп функционалдуу футбол аянты курулса, өзгөчо спортко кызыккан жаштар үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт деди.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын Президенти Канат Маматов спорт комплексин куруу чоң долбоор экенин белгилеп, жер маселеси чечилгенден кийин тендер аркылуу долбоорду ишкер ашыра турганын кошумчалады.

-Бул долбоор ишке ашса, өлкө үчүн чоң жетишкендик болот. Себеби буга чейин жаңы заманбап спорттук комплекс курула элек болчу. Бишкек шаардык мэриясы колдоп, жер тилкесин бөлүп берсе, жаңы жылдан кийин курулуш иштерин баштайт элек. Азыркы учурда спорт аянтачаларына көнүл бурулбай жатат, спорт комплекс жаштардын да суроо-талабына ылайык салынышы керек. 

Андан сырткары, Футбол федерациясы Бишкек шаарына жана Ысык-Көлгө да заманбап футболдук аянтча курууну пландалган. Футбол федерациясына 8 гектар бөлүнсө, алар аны 10 млн долларлык грантка курдурат.

Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары  Канатбек Арпачиевдин айтымында, 12 гектар жер спорт комплекске берилип, ал жерде бузуу иштери жүргүзүлө башталган. Ал эми 18 гектар жерди мыйзам чегинде өткөрүп берүү боюнча мэрия чечим кабыл ала элек.

Азыркы учурда жер маселеси мыйзам чегинде чечилип жатат. Жаңы жылга чейин бул маселе чечилет деп айтылган, биз дагы деле болсо жообун күтүп жатабыз. Бизге 12 гектар жер берилди, учурда ал жердеги эски курулуштарды демонтаждоо (бузуу) иштери башталды. Эл аралык стандартка жооп бере турган комплекс курулса деп ниет кылып жатабыз. Спорт комплексти эл аралык олимпиадалар өтө тургандай кылып салыш керек. Спортчулар үчүн жатаканасына чейинки бардык шарттар түзүлүп, ыңгайлуу кылып курулуусун күтүп жатабыз.

Кыргызстанда ири спорттук объектилердин оңдоп-түзөөгө муктаждыгын, ошондой эле эл аралык стандартка жооп бере турган бир дагы заманбап комплекс жок деп футбол адистери айтып келишет.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Музуралиев учурда Бишкек шаарынын ичинде аянты чоң бош жер караштырылып жатканын айтып, сөз болуп жаткан 30 гектар жер жакынкы күндөрү комиссияда чечилет дейт.

Мэрия жер караштырып жатат. Биз ушул жумада бул маселени карайбыз. Себеби 30 гектардан сырткары да футбол федерациясы шаар ичинен 8 гектар жер сурап жатат. Бирок ал жер табыла элек. Федерация бул боюнча документин да көрсөтө элек. Ошондуктан бул демилгени кенен карап, чечишибиз керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарына футбол жана хоккей стадиону салынат деп убадасын берген. Бул үчүн Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө 30 гектар жер бар экенин да өз сөзүндө белгилеп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM