Биз менен байланышыңыз

Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Билим-маданият | 23 Дек 2019 | 1596 | 0

“Канткенде адам уулу адам болот” деген ураан менен Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.  Сыйлык тапшыруу аземи Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда салтанаттуу өттү.  Сынакка республика боюнча жалпы 75000 окурман катышкан. Жалпы байге фонду 300 миң сомду түзүп, 3 орунга акчалай сыйлык тапшырылып, ал эми  калган 8 орунга  чейинки жеңүүчүлөргө  кызыктыруучу белектер берилди.

11- классынын окуучусу Таалайбек уулу Жафар  Ч. Айтматовдун китептерин сүйүп окугандардын катарында. “Кылым карытар  бир күн” китебин толугу менен окуп чыгып, 1 орунду ээлеп, кубанып турган кези. Ал тесттен 2 гана ката кетиргенин айтат:

-Мен Ч. Айтматовдун чыгармаларын 8-класстан бери окуп жүрөм. Буга чейин көп да көптөгөн сынактарга катышып келем. Чындыгында,  биринчиликти алам деп күткөн эмесмин, тестте 2 гана ката кетириптирмин. Ушундай сынактарды уюштуруп, бизге шарт түзүп бергенине уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем.  

«Оку» басма үйүнүн жетекчиси, «Оку» долбоорунун демилгечиси Сейитбек Идирисовдун айтымында, Ч. Айтматовдун китептерин окуу боюнча сынакка көбүнчө студенттер жана окуучулар катышкан. Эми сынакты салтка айлантып, жыл сайын ар кайсы китептер боюнча сынактарды уюштура турганын айтат:

-«Оку» долбоорунун алкагында экинчи жолу масштабдуу деңгээлдеги сынакты өткөрүп жатабыз. Жыл сайын окурмандарын саны көбөйүүдө. Былтыр»Манас» эпосу  көлөмдүү чыгарма болгондыгынан улам, катышуучулардын саны да азыраак болгон. Ал эми Ч. Айтматовдун китептери боюнча сынакка көбүнчө жаштар катышып, бүгүнкү үндө жеңүүчүлөрү аныкталып отурат. Жыл сайын китеп окуу конкурсун өткөрүп турууну салтка айлантабыз деген ишеничибиз бар..

Бир канча жылдан бери окуучу, студенттер менен иштешип келген «Ыйык Ата журт» коомдук фондунун төрагасы Акынбек Эргешов  жаштарга улуттук баалуулуктарды жеткирүү үчүн ушундай долбоорлорду уюштуруп, аларды китеп окууга чакыруу керек дейт:

-Биз жаштарды ушундай долбоорлор менен китеп окуганга кызыктырышыбыз керек. Сынакка китептерди тандоо да көбүнчө  жаштардын кызыкчылыгына багытталган, алар кызыккан чыгармаларды сынакка коюуга аракет кылдык. Ошол эле учурда китептерди да жаңы дизайн менен кайрадын басып чыгарып, окурмандарга жеткирүү аракетин көрүп жатабыз. 

Нурайым Кочкорбай кызы Ош мамлекеттик университететинин 2-курсунун студенти  “Ак кеме” чыгармасы боюнча сынакка катышкан.  Ал өзгөчө ушул чыгармасынан таасирленгенин белгилеп, кайталап окугандан тажабай турганын айтып өттү:

«Ак кеме» чыгармасын тандап алганымдын себеби, чыгармадан тааасирленип, сүйүп окуганымдан улам тандап алдым. Мындай чоң сынакка биринчи жолу катышып жатам. Дагы сынактар боло турган болсо, аларга да сөзсүз катышам, — дейт. 

Сынак сентябрдын башында жарыяланып, окурмандарга 3 ай убакыт берилген. Сынак тест түрүндө өтүп, ал автоматтык түрдө текшерилип, жыйынтыгы чыкты. 15-декабрь күнү өлкөнүн бардык аймагында тест түрүндө өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, залкар жазуучу Чыңгыз Айматовдун кайрадан басылып чыккан «Кылым карытар бир күн», «Ак кеме», «И дольше века длиться день» чыгармалары боюнча  Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата сынак  уюштурулган. Сынакты Кыргыз улуттук илимдер академиясына караштуу Тил жана адабият институту, «Ыйык Ата журт» коомдук фонду жана «Оку» басма үйү биргелешип “Оку” долбоорунун алкагында  быйыл 2-ирет уюштурууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM