Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар казак күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 5 медалга ээ болушту

Кыска кабар , Спорт | 22 Дек 2019 | 442 | 0

Кыргызстандык балбандар казак күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 5 медалга ээ болушту. Бул тууралуу КР Алыш күрөш федерациясы билдирди.

Беттеш 20-21-декабрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өттү. Анда кыргыз курамасы 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалдарын тагынышты.

100 килограмга чейинки салмакта катышкан Тилек Куралов чемпион аталды. Ал 3 каршылашын удаа утуу менен дүйнөлүк чемпион болду. Финалда Куралов Грузиянын балбанын да жеңип чыкты.

Анара Рыскулова (55 кг) жана Мээрим Момунова (60 кг) экинчи орунду ээледи. Нагира Сарбашова (75 кгдан жогору) менен Нурислам Идрисов (90 кг) – тизме боюнча үчүнчү сапка жайгаштырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM