Биз менен байланышыңыз

Курсан Асанов 23-февралга чейин үй камагында калтырылды

Кыска кабар | 22 Дек 2019 | 753 | 0

ИИМ башчысынын мурунку орун басары Курсан Асанов 2020-жылдын 23-февралына чейин үй камагында калтырылды. Мындай чечим, Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылды.

Эске салсак, Курсан Асанов 13-августта Ички иштер министринин орун басары кызматынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бошотулган.

Буга 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Асанов «милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM