ИИМ башчысынын мурунку орун басары Курсан Асанов 2020-жылдын 23-февралына чейин үй камагында калтырылды. Мындай чечим, Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылды.
Эске салсак, Курсан Асанов 13-августта Ички иштер министринин орун басары кызматынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бошотулган.
Буга 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Асанов «милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө себеп болгон.