Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген жарандарды пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Кыска кабар | 21 Дек 2019 | 1084 | 0

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жыйынтыгында Кыргызстандын жарандарынын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө жүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар макулдашууларга жетишилди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргендей, отурумдун жыйынтыгында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Анын алкагында интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүндө эмгектенген жарандар үчүн пенсия чектөө механизмдери иштелип чыгарат.

-Мисалга алсак, эгерде биздин жарандар Россия Федерациясында кандайдыр бир убакыт иштеп, кайра мекенине кайтып келсе, анда жалпы иштеген мезгили үчүн ага социалдык чегерүүлөр эсептелет. Алар кийин пенсияны түзөт. Бул макулдашуу ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык долбоорлор активдүү жүрүп жатканын дагы бир ирет ырастайт. Макулдашуу биздин жарандарга башка өлкөдө иштесе да, пенсия менен камсыз болоруна келечектүү ишеним берет, — деди Разаков.

Разаков белгилегендей, жыйында Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин 4 жылдык циклинин жыйынтыгы каралды. 4 жылда көп сандагы интеграциялык долбоорлор түзүлүп, мигранттардын эмгек ишмердүүлүгүн жеңилдетүү боюнча маанилүү иштер жасалды. 2025-жылга чейин Евразия кеңешинин ишмердүүлүгүнүн стратегиялык багыттарын иштеп чыгуунун абалы талкууланды.

-Стратегиялык багыттарда санариптештирүү, маркалоо, интеграциялык долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу глобалдык маселелер камтылганын белгилей кетүү маанилүү. Мындан тышкары өзгөчө багыт бар, бул – бардык мигранттарды медициналык тейлөө менен камсыздоо боюнча макулдашууларды иштеп чыгуу, — деди Разаков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM