Биз менен байланышыңыз

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү узарышы мүмкүн

Кыска кабар | 21 Дек 2019 | 546 | 0

Өкмөт убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартууга ниеттенүүдө. Учурда тиешелүү чечимдин долбоору Өкмөтүнүн Аппаратында макулдашылып жатат.

Мындай аракет документти алмаштыруудагы узун кезектер эске алынып, бардык жарандар жаңы үлгүдөгү күбөлүк алууга  жетишүүсү үчүн жасалып жатканын Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуулук мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдү туруктууга алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 2019-жылдын декабрынан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштаган. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү штаттык режимде жүрүп жатат. «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнө жеткирүү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM