Биз менен байланышыңыз

Чоочун паспорт менен Москвага учууну пландаган жаран кармалды

Кыска кабар | 21 Дек 2019 | 391 | 0

«Манас аэропорту» көзөмөл-өткөрүү пунктунан башка адамдын паспортун пайдаланып жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкек–Москва каттамы боюнча учуп кетүүнү көздөгөн жаран 1994-жылы туулган М.М. аттуу адамга таандык паспортту көрсөткөн. Чек арачылар сүрөттөгү айырмачылыкты байкашкан.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө кармалган адамга Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салынганы, ал башка адамдын паспортунун жардамы менен Москвага учуп кетүүгө аракет кылганы аныкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM