Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Ош менен Жалал-Абадда бир нече социалдык объекттин абалы менен таанышты

Кыска кабар | 21 Дек 2019 | 477 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапарынын алкагында Араван районундагы Төбө-Коргон айылындагы ооруканага, Жалал-Абад № 1 поликлиникасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Абылгазиев бейтапканалардын медициналык жардам көрсөтүлүүчү бөлмөлөрүн көрүп чыкты. Ошону менен бирге мекемелердин жамааттары менен оорукана имараттарын капиталдык оңдоо планын талкуулап, медициналык кызматкерлерди колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары Абылгазиев Базар-Коргон районундагы капиталдык оңдоп-түздөөнү талап кылган мектептердин абалы менен таанышты. Анда өкмөт башчы мугалимдик жамаат менен пикир алышып, окуу класстарын көрүп чыкты.

Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт өлкөнүн бардык булуң-бурчунда жаңы мектептердин имараттарын куруу жана билим берүү мекемелерин капиталдык оңдоо менен катарлаш мугалимдерди колдоо чараларын күчөтүүнү мындан ары дагы улантат.

Өкмөт башчы социалдык объекттерди кыдыруунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жаңы социалдык объекттердин имараттарынын планын, ошондой эле башка объекттерде оңдоо иштерин баштоо үчүн долбоордук-сметалык иш-кагаздарын даярдоо боюнча бир нече тапшырма берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM