Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Айтматовдун чыгармалары боюнча сынактын жеңүүчүлөрү сыйланат

Кыска кабар | 21 Дек 2019 | 520 | 0

Бүгүн, 21-декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында, саат 11:00дө башталат. Иш-чаранын алкагында чакан концерт тартууланат. Кирүү акысыз.

Жалпы байге фонду 300 миң сом. Мындан сырткары, алгачкы 10 орунга атайын сыйлыктар каралган.

Белгилей кетсек, китеп окуу конкурсу «Канткенде адам уулу адам болот?» деген ураан-чакырыктын астында Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай уюштурулган. Сынак жазуучунун «Кылым карытар бир күн», «Ак кеме», орус тилдүү окурмандар үчүн «И дольше века длится день» чыгармаларынын негизинде өткөн.

Эске салсак, «Оку» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн сынакка былтыр Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосу коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM