Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү кечеси өтөт

Кыска кабар | 21 Дек 2019 | 326 | 0

Бүгүн, 21-декабрда Бишкекте актриса Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү кечеси өтөт. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында өтүүчү иш-чара кечки саат 18-00дө башталат.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынынын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров билдиргендей, Турсунбаеванын 75 жылдыгынва арналган эскерүү кечесинде акындар ыр окушат.

-Турсунбаевага арналып 4 жылдан бери жалпы акындардын республикалык сынагы уюштурулуп келет. Кечеде ошол сынактын жеңүүчүлөрү ырларын окушат. Мындан сырткары, актрисанын кинолордо аткарган ырлары ырдалат, — дейт Мендебаиров.

Маалыматка ылайык, театрлаштырылган кече «Келиңиздер, сахнанын кайталангыс чыныгы ханышасы Таттыбүбүнү эскерели» деп аталат.

Кече Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өткөрүлөт. Ага Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Кытайдын ырчылары катышып, Асанхан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин коштоосунда чыгармаларды жандуу үн менен аткарышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM