Биз менен байланышыңыз

Жети облуста мигранттар үчүн маалымат борбор ачылат

Коом | 19 Дек 2019 | 636 | 0

Жаңы жылдан тарта өлкөнүн жети облусуна мигранттарга кеңеш берүүчү борборлор ачылып, мигранттар менен тыгыз иштешет. Бул туурасында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Анын айтымында, учурда мигранттардын көпчүлүгү маалыматы аздыгынан барган өлкөсүндө кыйналат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн кеңеш берүүчү борборлорду ачуу пландалууда.

Миграция кызматы алгач мигранттардын көйгөйлөрүн аныктап, анын негизинде иш алып барып жатабыз. 2020-жылдан тарта 7 облуска консультация борборун ачабыз. ЕАЭС алкагына киргенден бери, мигранттардын бир топ көйгөйлөрү чечилип жатат. Мисалга алсак, мигранттардын пенсияга чыгуусу үчүн Орусия келишим түзүп,  мигранттар өз өлкөсүнө келгенден кийин пенсияга чыгышы керек. Бул багытта иштерди чечип жатабыз. 

Ошондой эле, мигранттарды түйшөлткөн дагы бир маселе эмгек документтеринин кыска мөөнөткө берилгени болууда. Учурда анын мөөнөтүн узартуу, медициналык камсыздандыруу документин алууну жеңилдетилип, дарыланууда эч кандай жолтоолорго учурабашына шарт түзүү каралууда.

Андан сырткары мигранттар үчүн уюлдук телефонго атайын программа иштелип чыгып, анда башка мамлекеттеги мигранттар өз маселелери менен кайрыла турчу даректер көрсөтүлөт.

Кошумчалай кетсек, расмий маалымат боюнча чет жерде жүргөн мигранттардын саны 800 миңге жетсе,  ал эми иш жүзүндө кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM