Биз менен байланышыңыз

#REакция 2.0: Коррупцияга каршы кызыл кагаз көрсөтүлдү

Саясат | 18 Дек 2019 | 948 | 0

“Сөз эркиндиги”, “Реалдуу реформа”, “уурдаба!” деген жалындуу чакырыктар борбордук аянтта болуп өткөн “reakция 2.0” аталышындагы тынчтык митингинде утуру-утуру жаңырып турду. Саясатчылар, активисттер жана жөнөкөй жарандар катышкан бул акциянын максаты — сөз эркиндигин колдоо жана коррупцияга каршы реалдуу күрөштү талап кылуу болду. Бул тууралуу «Марал» радиосу атайын жеринен материал даярдоого үлгүрдү. 

Мындай акция биринчи ирет өтүп жаткан жери жок. Алгачкы жолу жаш активисттер бийликтен коррупцияга каршы реалдуу күрөш жүргүзүүсүн талап кылып чыгышкан. Ал эми бул жолку акцияда чогулгандар сөз эркиндиги боюнча да маселе көтөрүштү. Анын негизги себеби — “Миллиондордун изи” аталышындагы иликтөө жарыяланган соң, “Азаттык”, “Kloop” жана “24kg” жалпыга маалымдоо каражаттарынын банктык эсептеринин тоңдурулушу болду.

Активист Улан Үсөйүн биринчи акциядан кийин бийлик болуп өткөн акцияга тиешелүү деңгээлде жооп бербегенин билдирди. Ошентсе да, элдин өз талабын туура коё билгендиги жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн атайын акцияларга чыккандыгы маанилүү саясий кадам экендигине токтолду:

-Элдердин чыгуусуна үч жалпыга маалымдоо каражаттарына карата бир күндө соттун чечиминин чыгышы жана коррупцияга каршы тиешелүү деңгээлде иш жүрбөй жаткандыгы себеп болду. Президент өзү баш болуп, паракорчулукка каршы күрөшөрүн айтып жатат. Мындайда бүгүнкүдөй акциялар көмөк болот деген ойдомун жана элдин талаптары да өз дарегине жетет деген үмүтүм бар. Ошол эле учурда бир акция менен эле укмуш өзгөрүү болот десек, жаңылышкан болобуз. Ушундай акциялардан улам жарандар өздөрүнүн позициясын айтып, талаптарын туура коё билгенди үйрөнсө абдан жакшы болмок.

Тынчтык митингине катышкан ишкер Тилек Токтогазиев сөзүн бийликтин элди бөлүп-жаруу аракеттери менен гана алек болуп жаткандыгын айтып баштады. Ушундан улам ал элди бийликтин сүт эмизген курулай убадаларына алданбоого чакырып, канчалык тосколдуктар жаралбасын, коррупцияга каршы күрөштү улантуу керектигин айтып турду. Ошондой эле, ал өз ишин аткарбай жаткан укук коргоо органдарына “Кызыл” айып кагазын көрсөтүп:

-Биздин эң негизги максатыбыз — өлкөдөгү коррупцияны жоюу. Бул талап буга чейинки “reakцияда” да коюлган, бирок бийлик оозду жабуу аркеттерин көрүп баштады. Ушундан улам “бүгүн журналисттерге эч кандай куугунтук болбосун!” деген экинчи талап кошулду. Ошондой эле, коррупциялык системага жардам берип жаткан кишилерге кызыл картаны көрсөтүп чыктык. Бул кызыл кагаз Башкы прокурор жана үч басылмага чечим чыгарган Ибримова аттуу судьяга каршы көрсөтүлдү. Кызыл кагаз “уят” деген сөздү билдирет. Элдин алдында баркыңар кетти дегенди билдирет, — деп агынан жарылып, акцияга чогулгандарды жалындуу сөздөрү менен шыктандырып кетти.

Акцияга катышкан эл өкүлү Рыскелди Момбеков да сөз эркиндигин колдоп келгенин билдирди. Буга кошумча “reakция” коюп жаткан талапка бийликтин жообу кандай болуп жаткандыгына токтолуп:

-Бийлик тараптан биринчи өткөн акцияга “реакция” болгонун көргөн жокмун. Жогорку Кеңеш комиссия түздү. Бирок ал комиссия деле мен билгенден 1-2 гана жолугуу өткөрдү. “Азаттык” иликтеп-жиликтеп чыккан фактылардын негизинде иш алып барыш керек болчу, бирок эмнегедир иш-аракеттер кечеңдеп жатат. Бирок, “реакция” башка тарапка болду. Сот тарабынан болду. Тагыраагы, массалык маалымат каражаттарына карата ыкчам чабуул коюлду. Бир күндө чечим чыгарып, медиалардын эсептерин камакка алганы бул бийликтин тескери аракети.

“reakция 2.0” акциясы өтүп жаткан учурда топ болуп калпакчан, желек көтөргөн жигиттердин тобу Ала-Тоо аянтына келишти. Аларды провакаторлор катары сыпаттагандар да болду. Кийинчерээк бул топтун “40 чоро” кыймылын колдоп келген жарандар экендиги анык болду. Аталган кыймылдын төрагасы Замирбек Көчөрбаев түшүнбөстүк болгонун айтып, алар да сөз эркиндигин колдоо максатында чогулушкандыгын айтып:

-Аткезчиликке каршы күрөшүү — ар-бир кыргыз жаранынын милдети. Ошондой эле, сөз эркиндиги да сөзсүз керек. Сөз эркиндиги болгондо гана өлкөдө адилеттүүлүк орнойт. Биз бул талаптарды койгон акцияны колдойбуз. Болгону бүгүн бир аз түшүнбөстүктөр болуп кетти. “Матраимовду колдоп келди” деген сөздөр айтылды. Чындыгында, бул андай эмес. Биз дагы акцияны колдоп келгенбиз, — деп өздөрүнүн жагдайын түшүндүрүп берди.

Эске сала кетсек, буга чейин «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсү жарыяланып, анда бажыдагы коррупция фактылары, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишкер Хабибула Абдукадыр менен байланыштары айтылган.

Иликтөөдө айтылган маалыматтар боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Мындан сырткары, УКМК да бул боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштаганын маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM