Биз менен байланышыңыз

Мигранттардын эл аралык күнүнө карата президент кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 585 | 0

Бүгүн, 18-декабрда Мигранттын эл аралык күнүнө карата президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөлөрдөгү мекендештерге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда дүйнө коомчулугунда мигранттардын азыркы замандагы орду абдан маанилүү экендигине токтолуп, алардын өз мекенин жана иштеп жаткан өлкөсүн өнүктүрүү үчүн чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

«Алыста иштеп жаткан биздин мекендештерибиз күнүмдүк жашоо муктаждыгы менен гана чектелип калбай, алдыңкы технологияларды өздөштүрүп, өз мекенине инвестицияларды тартып жатышат. Биз сиздердин өлкөбүздүн элет жериндеги турмуш деңгээлин көтөрүүгө кошкон салымыңыздарды бийик баалайбыз. Мекендештерге колдоо көрсөтүүнү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктадык. Мамлекет өз жарандарына карата камкордугун күчөтөт», — деди мамлекет башчы.

Ошондой эле мамлекет башчысы чет өлкөлөрдөгү мекендештерге патриоттуулук жана эмгеги үчүн ыраазылыгын билдирип, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Copyright © 2017 Maral FM