Биз менен байланышыңыз

Мигранттарды түйшүккө салган көйгөйлөр…

Коом | 18 Дек 2019 | 633 | 0

Бишкекте Эл аралык миграция күнүнө карата иш-чара өттү. Анда мигранттар буга чейин кабылган көйгөйлөр эске алынып, 2020-жылга мигранттарды түйшөлткөн маселелерди чечүү жолдору талкууланды. Бүгүнкү күндө 800 миң кыргыз жараны мигрант болуп жүрөт. Анын 47%  жаштар түзөт. Кыргыз мигранттарынын көйгөлөрү канчалык чечилүүдө  жана алардын укуктары сакталып жатабы?

Бир канча жылдан бери мигрант болуп жүргөн Ислам Аскаров үй-бүлөсү менен Орусияда жашайт. Ал өзү башынан өткөргөн бир топ көйгөйлүү маселелерди айтып берди.

-Бизди кыйнаган бир топ көйгөйлөр бар. Билеттин кымбаттыгынан миңдеген жарандарыбыз бүгүнкү күндө жеңил авто унаалар менен 4000 км аралыкта каттап жатышат, узун жолдогу кырсыктар  көп. Кечээки эле Владивосток шаарындагы мигранттардын массалык түрдө ур-токмокко  кабылышы укугубуз канчалык корголуп жатканын ачык көргөзүп койду. Мамлекет мончо, ресторандын ачылышында лента кеспей, завод-фабрикаларды ачса, миңдеген жарандарыбыз өз үйлөрүнө кайтмак.

Эл аралык миграция күнүнө карата Бишкекте иш-чара өтүп, анда мигранттардын коопсуздугун камсыздоо жана алардын үй-бүлөсүнө да көңүл буруу маселеси көтөрүлдү.  Ошондой эле 2020-жылда аткарылуучу иштердин планы талкууланды.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотовдун айтымында, мигранттардын көпчүлүгү аларга түзүлгөн шарттар, өз укуктары тууралуу маалыматтары аздыгынан кыйналат. Эми жаңы жылдан тарта 7 облуска мигранттарга кеңеш берүүчү борбор ачылып, алар менен тыгыз байланышта болуу аракети көрүлүп жатат.

Миграция кызматы мигранттардын көйгөйлөрүн аныктап, анын негизинде иш алып барып жатабыз. Андан тышкары 2020-жылдан тарта 7 облуска консультация борборун ачабыз.

Кыргызстан Евробиримдигине кирген менен, мамлекет койгон талаптар аткарылбагандыгын коомчулук сындап келет.  Мигранттарды түйшөлткөн эмгек документтерин убактылуу эмес, мөөнөтүн узартуу талабы коюлуп жатканын мамлекеттик миграция кызматынын мурдагы жетекчиси Айгүл Рыскулова айтты.

-Миграция бул Кыргызстандагы эле маселе эмес, бүткүл дүйнөлүк көйгөй. Эми миграциянын эки тарабы бар, бүгүнкү күндө терс таасирин да тийгизип жатат.  Алардын ден соолугу начарлап,  балдары кароосуз калып жана ажырашуулардын саны өсүп жатат. Бирок мамлекеттин бюджетине киреше алып келгендер  мигранттар болуп жатат. 

Миграциянын айынан жаш үй-бүлөлөр бузулуп, ата-энеси бар туруп балдар кароосуз калып,  психологиялык жактан жабыркап жатканын психологдор дагы айтып келишет.

Миграция боюнча бир катар илимий изилдөөлөргө катышкан эксперт Самар Сыргабаев Орусиядагы мигранттар жабыркаган учурлар көбөйүп жатканын айтып, алардын укуктары корголбой жатат деген пикирин билдирди.

-Бул тармакта көп жылдан бери изилдөөлөрдү жүргүзүп келебиз. Өлкөнүн социалдык абалы убакыт өткөн сайын начарлап барат. Жаш үй-бүлөлөр турмуш куруп, эртеси мигрант болуп кетет. Үй-бүлөлөр виртуалдуу жашоодо жашайт. Ар бир экинчи үйдөн бир мигрант бар. Элдин социалдык абалы оор болгондуктан, аргасыз кетип жатышат. 

Айта кетсек, дүйнө жүзү боюнча мигранттардын саны 300 миллионго жетти. Расмий маалымат боюнча чет жерде жүргөң мигранттардын саны 800 миңге жетсе,  ал эми иш жүзүндө кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашык экени айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM