Климаттын өзгөрүшү 21-кылымда курчап турган чөйрөгө жана адамзат үчүн чоң коркунучтарды жарата турганын окумуштуулар айтып келишет. Атмосфералык баланс бузулуп, акыркы жылдары мөңгүлөр эрип, дүйнөлүк океандын деңгээли көтөрүлүүдө, кылым соңунда орточо температура 4,6 градуска көтөрүлүшү мүмкүн. Абанын орточо ысыктыгы норма боюнча 1,5 градуста кармалышы керек.
Бул жааттагы маселелерди талкуулоо үчүн Бишкекте климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук форум болуп өттү. Ага тиешелүү мекеменин өкүлдөрү катышып, мамлекет дагы эмнеге көңүл бурушу керектиги тууралуу өз сунуштарын айтышты. Кыргызстан «Жашыл Альянс» борборунун төрагасы Азамат Темиркулов көмүрдү казууну жана колдонууну токтотуу керектигин белгилейт:
—Жашоодо колдонуп жаткан көмүр климатка чоң таасирин тийгизет, ошондуктан көмүрдөн толугу менен баш тартуу керек. Анын ордуна климатка зыяны аз болгон жылытуунун жолдорун карап чыгып, ошол багытта кадамдарыбызды илгерилетишибиз керек.
Кыргызстан акыркы 50 жылда мөңгүлөрдүн 30 пайызын жоготту. Окумуштуулардын божомолунда, дүйнө боюнча мөңгүлөрдүн 80 пайызы эрип кетиши мүмкүн. Бак-дарактар, токойлор мөңгүлөрдү сактап калууда зор мааниге ээ..
«Юнисон» тобунун президенти Нурзат Абдурасулова климатка жараша өлкөнүн айыл-чарба тармагы дагы даяр болушу керек. Климаттын тобокелдигине жараша канча каражат кетишин эсептеп, алдын алуу чараларын көрүү керектигин айтты.
-Климаттын ар кайсы секторуна канча каражат керерин аныктап чыгып, ошого жараша каражат бөлүнүшү керек. Бул көп тармакка таасирин тийгизет, алдын алуу жолдорун конкреттүү коюп, аткарышыбыз керек. Кыргызстан бул багытта кечирээк аракет кылып жатабыз. Бул ар бир адамды ойго сала турчу көйгөй, ар бирибиз салымыбызды кошушубуз керек.
Автоунаа түтүнү, таштанды сактоочу жайлары, жеке сектордогу көмүр жагуу, ЖЭБ жана өндүрүштөр абанын булганышынын негизги себептери болуп, акырындык менен климаттын бузулушуна таасирин тийгизет.
Климаттын өзгөрүшү бардык тармакка таасирин тийгизет. Кургакчылык болсо, түшүмдүүлүк азая турганы тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев өз сөзүндө белгилеп өттү:
—Муздун эриши, күндүн ысышы айыл-чарбага терс таасирин тийгизет. Кургакчылык боло турган болсо, дыйкандар мол түшүм ала албай калышы мүмкүн. Ошондой эле, жерлердин деградацияга учурашы да чоң коркунуч алып келиши мүмкүн.
Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакпаев мамлекет климаттын кескин өзгөрүшүнө даяр болушу керектигин эскертип, ал тиешелүү мекемелер менен биргеликте жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун иштеп чыгуу керектигин билдирди:
-Климаттын өзгөрүшү — глобалдуу көйгөй. Бизде мыйзам бар болгону менен, тиешелүү мекемелер өз ишин аткарганы менен, конкреттүү маселелер чечилбей келет. Ошондуктан бардык тийиштүү уюмдар биригип, иш алып барса, натыйжалуу болот.
2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында 195 өлкө алгач ирет климаттык өзгөрүүлөргө каршы биригишип, Париж макулдашуусуна кол коюшкан. Ал эми Кыргызстан быйыл 12-ноябрда климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимине кошулду. Анда абага зыяндуу газдарды чыгарууну 30%га чейин азайтуу милдеттенмесин алган. Келишимдин алкагында Кыргызстанга 9 миллион 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт.