Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин оңдоо сунушталды

Коом | 13 Дек 2019 | 498 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламент жыйынында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейин мамлекеттин камкордугуна алуусун сунуштады. Жазуучунун элесине арналган маданий иш-чаралар болгону менен, көзгө көрүнөрлүк иш аткарылбаганын тарыхчылар, коомчулук айтып келет. Адабиятчылардын пикиринде, Айтматовдун үй-музейи мамлекеттин эсебинен оңдолушу керек.

Улуу жазуучу Ч. Айтматовду эскерүүчү маданий иш-чаралар өтүп келгени менен, анын үй-музейине дээрлик көңүл бурулбай келет. Акыркы убакта коомчулук, бийлик өкүлдөрү Ч.Айтматовдун үй-музейине маани берип, мамлекетке өткөрүү маселесин көтөрүүдө.

Башка мамлекеттерден келген бийлик өкүлдөрү жана коноктор Ч. Айтматовдун үй-музейине бара турганын, ага жараша ал жерди оңдоо зарылчылыгы бар экендиги тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов төмөнкүдөй пикирин айтты:

-Ал жакка чет мамлекеттин жогорку даражалуу адамдары келип жатат. Быйыл эле Россиянын, Казакстандын президенттери келип кетти. Айтматовдун үй-бүлөсү музейди өзүнүн каражатына каржылап келе жатат, учурда музейге бир топ оңдоо иштери талап кылынып жатат. Тилекке каршы, оңдоо иштери үчүн эч ким жоопкерчиликтүү болбой жатат. 

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов тарыхый жайларды кароого мамлекеттик казынадан жетишерлик каражат бөлүнгөнүн айтты. Ал Айтматовдун үй-музейи мамлекетке өтсө, камкордукка алына турганын белгилеп,  бирок үй-музей жеке үй-бүлөсүнө гана тиешелүү болгондуктан кийгилише албай турганын айтат:

-Негизинен, тарыхый объектилер мамлекеттин карамагында болсо, ага акча каралат. Бирок бул жагдайда  реконструкцияга каражат бөлүнбөйт. Ч. Айтматодун үй-музейи жеке  үй-бүлөсүнө таандык болгондуктан, эч нерсе дей албайбыз. Эгер мамлекетке өтсө, толугу менен оңдоого, камкордукка алууга даярбыз.

Буга чейин да Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев жазуучунун үй-музейи оңдоого муктаж экенин айтып чыккан. Бирок анын айткандары көңүл сыртында калганын адабиятчы, тарыхчылар сындап келет.

Акын Бурулкан Карагулова коңшу өлкөлөрдө Ч.Айтматовго жакшы көңүл бурулганын айтып, бийлик өкүлдөрү Айтматовго иш жүзүндө көңүл бурушу керектигин белгилейт. Ал жазуучунун буюмдары, китептери эң жакшы деңгээлде сакталышы керек дейт:

-Ч.Айтматов дүйнөнүн жазуучусу, мына коңшу өлкөлөрдө да анын ысымына өтө жакшы көңүл бурулуп, эскерүү кечелери уюштурулуп кетет. Бизде да маданий иш-чараларга көңүл бурулат, бирок жогорку дэңгээлде эмес. Жазуучунун үй-музейи көзөмөлгө алынышы керек, анын буюмдары жакшы сакталышы керек.

Ошондой эле, Айтматовдун үй-музейин тарыхый баалуулук катары сактап, дүйнөлүк деңгээлге көтөрүүнү мамлекет колго алышы керектигин коомдук ишмер, тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн сөздөрү менен тастыктап өттү:

-Залкар жазуучунун үй-музейи ошол үй-музей бойдон калышы керек. Кыргызстандагы үй-музейлердин ичинен эң жакшысы Айтматовдун музейи. Бирок туристтердин келиши үчүн рексонтрукция иштерин жүргүзүү керек. Ошондуктан мамлекет үй музейдин каржылоосун өз мойнуна алып ал жерде иштеген кызматкерлер үчүн атайы штаттык бирдик ачып, айлык акысын төлөп бериши керек деп ойлойм.

Кошумчалай кетсек, 2014-жылы Айтматовдор өздөрү жашаган үйүн музейге айланткан. Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи Ала-Арча резиденциясында жайгашкан. Үйдүн жарым бөлүгүндө үй-бүлөсү жашайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM