Connect with us

Стамалиева үч басылманын эсептеринин камакка алынганына байланыштуу үн катты

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 1355 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева өлкөнүн «Азаттык», «Клооп» жана «24.kg» медиаресурстарынын эсептеринин камакка алынганына байланыштуу билдирүү жасады.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманып, күчтүү жарандык коомдун болушун колдогону белгилүү.

Мамлекет башчысы бул тууралуу эл алдына чыгып сүйлөгөндө да, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканда да, өлкөнүн жана чет элдик ММКга берген маектеринде да баса белгилеп келет. Президент дал ушул жагдайлар өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт деген көз карашынан кайтпайт.

Мамлекет башчысы азыркы абалга кандай гана реакция кылбасын, коомчулук тараптан сот иштерине жана соттун чечимине басым жасоо аракети катары кабыл алынышы мүмкүн. Бардык соттук териштирүүлөр, анын ичинде медиага карата дагы — укуктук гана талаада жүргүзүлүшү керек.

Ошого карабастан, бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген Президенттин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM