Биз менен байланышыңыз

Жол эреже бузуулардын 8 түрүнө айыппул жеңилдетилет

Коом | 12 Дек 2019 | 834 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр парламентте жактырылды. Ага ылайык, жол эрежелерин 8 жеңил түрүн бузгандарга айыппул 3 миң сомдон 1 миң сомго жеңилдетилет. Бул жылы төлөнгөн айыппулдардын суммасы 534 миллион 684 миң сомду түзгөн. Мыйзам долбооруна ылайык эми жасалма номер тагып жүргөн айдоочулар жоопко тартылып, ал эми мас абалында айдаган айдоочуларга 17 миң айыппул салынат.

Жол эрежесин бузган айдоочуларга айыппулдун айрым түрлөрү боюнча сумма азаят. Жол эрежесин бузуунун кайсы түрүнө айыппул азайды?

Алар жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар, автоунааны туура эмес жерге токтоткондор, машинелердин ортосундагы коопсуз аралыкты сактабагандар, жол чыракты карабай айдагандарга салынган айыптар.

Мындан тышкары, өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, жасалма номер тагып жүргөн айдоочуларга мындан ары 20 миң сом, ал эми мас абалында айдагандарга 17 миң сом айып салынат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Оторов төмөнкүлөрдү билдирди:

-Айыппулдардын баасын 1 категориядагы жеңил  эреже бузууларга  1000 сом айыппул салуу сунушталган. Айтсак, эреже бузуунун 8 түрүнө 3000 сомдон 1000сомго чейин төмөдөтүлдү. Ал эми мас абалында айдагандарга айпыпул жогорулады, ал эми жасалма номер менен айдагандар жоопко тартылат. Башкача айтканда, күчөтүлгөн тартипте карайбыз. Мыйзам күчүнө кирсе, мыйзам чегинде бардык иш-аракеттерди көрөбүз. 

Декабрь айынын башына карата “Коопсуз шаар” долбоорунун камералары каттаган фактынын негизинде, быйыл 534 миллион 684 миң сом айыппул төлөнгөн.

Парламент жыйынында депутат Азамат Арапбаев мас абалында машине айдагандар үчүн салынган 17 миң сомдук айыппулдун баасы төмөн экенин айтып, аны 10 эсе көтөрүүнү сунуштаган. Бирок бул сумма унаадан да кымбат экенин айткан Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 1000сом дагы карапайым калк үчүн оор деген ойдо:

-Негизинен, өлкөнүн экономикалык абалына жана жарандардын айлык акысына жараша айыппул салынышы керек. Мисалы үчүн, башка өлкөлөрдө айлык акы жогору, бирок айыппулдун баасы бизге салыштырмалуу төмөн. Азыр сунуштар кабыл алынып,  айыппулдун баасы 1000 сомго төмөндөдү, бирок 1000 сом да карапайым эл үчүн оор.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө каршы добушун берген парламенттин депутаты Дастан Бекешев жасалма номер менен жүргөн айдоочуларга айыппулдун баасын көтөрүү жетиштүү экенин айтты:

-Албетте, айыппулдун баасынын төмөндөгөнүн колдойм бирок, жасалма номер менен жүргөн айдоочуларды жоопко тартуу туура эмес. Мас абалында айдагандар айыппул төлөп, ал эми жасалма номер менен жүргөн айдоочуларга кылмыш ишин козгоо логикага туура келбейт. Аларга да айыппулдун баасын жогорулатуу керек.

Ал эми жарандык активист Рашид Касымов айыппулдарды салуудан мурун шаардагы инфраструктураны оңдоо зарылдыгын айтат.

-Айыппулдун баасы, чындыгында, жарандар үчүн кымбат. Камерадан ар бир айдоочуну көзөмөлгө алгандан кийин, жолдордогу башаламандыкты тартипке салуу керек. Мисалы, жөнөкөй эле унаа токтотуучу жай жок, эгер токтото турган болсоң, унааңды алып кетет. 5 мүнөткө токтоп калсаң да 3 миң сом айыппул салганы туура эмес. 

Бул мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр президенттин кол коюусунан кийин күчүнө кирет.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 4-марттан тарта жол эрежелерин бузуу фактыларын каттай баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM