Биз менен байланышыңыз

Тазалык кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт

Коом | 5 Дек 2019 | 1124 | 0

Жумуш оор, айлык маяна аз. Бишкекте тазалык кызматкерлеринин орточо айлык акысы 4-5 миң сомду түзөт. «Айлык акы көтөрүлсө, талап мындан да жогорулайт» деген пикирлер айтылганы менен, кызматкерлердин маянасы дале көтөрүлбөй келет.

Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров тазалык кызматкерлеринин маянасы 19 миңден кем эмес болушу керектигин айтып чыкты. Ал бюджеттик каражатты өздөштүрүү үчүн толук отчёт берүүнү тапшырды.

Тазалык кызматкери Замира Асылбекова кышкысын күндүн суук, жайдын ысык болгонуна, жумуштун оор болгонуна карабастан бир канча жылдан бери эмгектенип келет. Ал айлык маянанын көтөрүлбөгөнүнө нааразы болуп, өзгөчө, кышкысын күндүн суугуна карабай оор жумушту аркалап келатканын айтат:

-Жайында күн жылуу болгондуктан жумуштун оордугу билинбейт. Бирок кышында көчөлөр кар, муз болгондугуна байланыштуу жумуш оорлоп, убакытты да көп талап кылат.  Ошондуктан айлык акыны көтөрүп беришсе жакшы болот эле. Кээде акчабыз тиричиликке жетпей калган күндөр да болот.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Рыспек Сарпашев тазалык кызматкерлеринин маянасы бөлүнгөн аянтына жараша төлөнө турганын айтты:

— Тазалык кызматкерлеринин маянасы ар кандай. Алар бөлүнгөн аянтына жараша алышат, мисалы, 5 миңден 20 миңге чейин айлык алгандар бар. Учурда вице-мэр ушул маселени көтөрүп жатат, буюрса, жаңы жылдан кийин кызматкерлердин маянасын көтөрөбүз. Каражат бөлүнгөнү менен, акча керектүү куралдарга  жана таштанды ташыган унаалардын ремонтуна кетет. Учурда кышка даярдык көрүп жатабыз, кызматкерлерге атайын кийимдерди ылайыктап жатабыз. 

Сарпашев кызматкерлердин кышка  атайын кызматтык кийими даяр болуп жатканын, ошондой эле суук түшкөнгө чейин кийим жана керектүү курал-жарактар менен камсыз болорун кошумчалады.

Жылына тазалык ишканасына жалпы 500 млн сом бөлүнсө, бул сумманын көпчүлүк бөлүгү керектүү курал жана унааларды оңдоп-түзөө иштерине жумшалат. Ушул сумманын ичинде кызматкерлердин маянасы да каралган.

Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Рыспай Аматов бюджеттен бөлүнгөн каражаттын жетишпестигин сынга алып, коңшу мамлекеттерде кызматкерлердин маянасы жогору экенин мисал келтирди. Алардын жумушу оор экенин айтып, элдин талабына жараша, алардын маянасы көтөрүлүшү керектигин билдирди.

-Мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каражат жетпейт. Ал эми шаар тургундарынын кызматкерлерге болгон талабы да күч болуп жатат. Ошондуктан талапты катуу коюу үчүн маянаны да көтөрүү керек. Мисалы, коңшу мамлекеттерде тазалык кызматкерлеринин маянасы, бизге салыштырмалуу бир топ жогору. Шаардык кеңеште бул маселе каралат, жаңы жылга чейин бул маселени чечүүгө аракет кылабыз.

“Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде жолдорду, тротуарларды тазалайт.

Бишкекте 1500дөн ашуун тазалык кызматкери эмгектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM