Биз менен байланышыңыз

Жаштар 9,5 миллион сомдук китеп чогултуп, айылдык китепканаларга таратты

Коом , Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 1444 | 0

“Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында чек арадагы Лейлек районуна 35 000 китеп жеткирилди. Бул тууралуу “Илек-Илек жаштары” коомдук бирикмесинин жетекчиси Эльдияр Жээналиев “Маралга” маалымдады.

Жалпысынан эки ай аралыгында 35 000 китеп же 9 500 000 сомдук китеп чогулуп, расмий түрдө 29-ноябрь күнү Исфана шаарындагы райондук борборлоштурулган китепканага өткөрүп берүү салтанаты болду. Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ташполотова Марипат Жалиловна салтанаты ачып берди. Атайын Бишкек шаарынан барган коноктор — “Кыргыз концепт” эл аралык компаниясынын негиздөөчүсү Эмиль Уметалиев, “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алгачкы уюштуруучусу Бакай Акылбековдор катышуучулар үчүн семинар-тренинг өтүп беришти.

Сентябрь айында чек ара жаңжалынан Максат айылынын мектебине да ок атылып, талкаланып калган эле.  Жаштар аталган айылдын мектебине китептерди өзүнчө жеткирип, конокторду жергиликтүү калк менен жолугуштурушту. Сүлүктү шаары жана Катыран айылында да китептерди өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Ал эми калган китептер райондук борборлоштурулган китепкананын карамагына өттү. Алар жалпы китептерди Лейлек районундагы 48 айылга тең бөлүп берет.

“Илек-Илек жаштары” коомдук бирикмесинин активисттери эки ай аралыгында 35 000 китеп чогултуу менен жалпы рекорддук көрсөткүчкө ээ болушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM