Биз менен байланышыңыз

Лионель Месси алтынчы жолу «Алтын топко» ээ болду

Кыска кабар , Спорт | 3 Дек 2019 | 733 | 0

«Барселона» футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси алтынчы ирет «Алтын топко» ээ болду.

64-сыйлык тапшыруу аземи 2-декабрь күнү Париждеги Шатле театрында болду. Месси «Алтын топ» алуу боюнча рекорд койду.

Лионель Месси алтын топту эң биринчи жолу 10 жыл мурда алган. Быйылкы сезондо карьерасындагы 10-чемпиондук титулун жеңип алган. Ошондой эле, 6 ирет Испания чемпиондугунун жана Чемпиондор Лигасынын мыкты чабуулчусу аталган.

Учурда ал 32 жашта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM