Биз менен байланышыңыз

АКШ: Кытайдын пайдасына тыңчылык кылган агент 19 жылга соттолду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 515 | 0

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ) мурунку агенти Жери Чунь Шин Ли Кытай мамлектинин пайдасына тыңчылык кылып жүргөндүгү үчүн 19 жылга эркинен ажыратылды. Мындай көрүнүш АКШда бир жылдын ичинде үчүнчү жолу катталды. Бул тууралуу BBC Орус кызматы билдирди.

Ага ылайык, АКШнын 55 жаштагы жараны Жери Чунь Шин Ли күнөөсүн күнөөсүн май айында эле мойнуна алган. Иликтөөлөрдүн натыйжасында ал 2007-жылы БЧБдан кеткеден кийин Кытайдын атайын кызматтары тарабынан Гонконг шаарында Кытай мамлекетинин пайдасына АКШнын сырдуу маалыматтарын сатууга көндүрүлгөн. Ал Америкалык коргоо комплекси тууралуу берген маалыматтары үчүн акча алып турган.

Прокуратуранын айтымында, кытайлар Ли менен 2010-жылы эле байланыш түзүшкөн. Ага акча сунушташып, Кытайга керектүү маалыматтарды берип тургандыгы үчүн өмүр бою эч нерседен кем кылбай тургандыгын убада кылышкан. 2010-2013-жылдардын аралыгында Линин Гонконгдогу банктык эсебине жүз миңдеген долларлар келип түшкөн.

Ли БЧБнын аракеттери тууралуу документтерди даярдап берген. Анда аталган мекеменин агенттери тууралуу маалыматтар жана алардын кайсыл жакка жиберилери көрсөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM