Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: ИИМде ондогон жооптуу кызматкер жумуштан бошотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 498 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен Ички иштер министрлигинин ондогон жооптуу кызматкерлери кызматтан алынды. Бул тууралуу centralasian.org жазды.

Маалыматка караганда, жумуштан бошотулгандардын арасында Кайгуул-күзөт жана коомдук тартипти сактоо кызматынын жетекчиси, Аскердик кароолдун башчысы да бар.

Кызматтан алуу жараяны – өзбек түрмөлөрүндөгү жана абактарындагы кыйноо, киши өлтүрүү, айрым кишилерди ири акчага бошотуп жиберүү жөнүндөгү маалыматтардан кийин башталды.

ИИМдин тергөө абагынын 9 кызматкери 2000 долларга күн сайын соттолуучуларга милиция формасын кийгизип, үйлөрүнө жеткирип турган. Алардын арасында президент тарабынан куугунтукталган мурдагы аткаминерлер да болгон.

Өзбекстан ИИМинин кызматкеринин бири жумуштан бошотулгандарга карата “Кызматтык шалаакылык” беренеси боюнча тергөө амалдары башталганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM