Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-түрк бизнес форумунда 6 меморандумга кол коюлду

Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 314 | 0

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынынын алкагында өткөн бизнес-форумда инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча 6 меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, меморандум Кыргызстанга инвестицияларды тартуу жана эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү максатын көздөйт.

Иш-чарада биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов түрк ишкерлерин Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Мындан тышкары, түрк бизнесмендери «Кыргыз Республикасынын инвестициялык картасы» маалыматтык тутуму менен таанышып чыгышты. Анда республиканын облустарынын жана райондорунун экономикалык көрсөткүчтөрү камтылып, инвестициялык долбоорлор жана инфраструктура объекттери жана жаратылыш ресурстары менен жер тилкелери көрсөтүлгөн.

Форумдун жүрүшүндө эки жактуу ишкердик жолугушуулар өтүп, анын катышуучулары гидроэнергетика, технопарктарды куруу, айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү өнөр жай товарларын экспорттоо, башкаруунун жаңы ыкмаларын, өндүрүштүк технологияларды киргизүү, потенциалдуу инвесторлорду издөө, инвестицияларды тартуу жана кооперацияларды өнүктүрүү сыяктуу ар кыл багыттарда кызматташууну талкуулашты.

Белгилей кетсек, 300дөн ашуун ишкерлер катышкан иш-чара Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги, Түркиянын Соода палаталарынын жана товардык биржаларынын биримдиги тарабынан DEIK, Түркиянын Экспортчулар ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM