Биз менен байланышыңыз

Бүгүн “Дордой” базарында ВИЧке карата тестирлөө өткөрүлөт

Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 618 | 0

Бүгүн, 23-ноябрда “Дордой” базарында ВИЧ-инфекцияга карата тестирлөө өткөрүлөт. Бул тууралуу Республикалык СПИД борбордун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстанда СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата улуттук кампания уланууда. Анын алкагында ВИЧ-инфекциясынын алдын алуунун 1 айлыгы өтүүдө. Бир айлыктын алкагында Бишкектин чоң базарларында ВИЧ-инфекцияга карата тестирлөө өтүүдө.

Мындан сырткары, Ош облустук “СПИД” борбору кабарлагандай, бир айлык мезгил аралыгында Ош жана Кара-Суу шаарларында тестирлөө жүргүзүлөт.

Буга чейин 14-15-ноябрда “Мадина” базарында, 16-17-ноябрда “Аламүдүн”, 18-19-ноябрда “Орто-Сай” базарларында өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM