Биз менен байланышыңыз

“Бажыдагы миллиондордо” айтылган айрым фактылар боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 1544 | 1

Азаттык радиосу жана «Клооп» медиаресурстарынын «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аталышындагы журналисттик иликтөөсүндө айтылган айрым фактылар боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, уйгур тектүү Айеркен Саймаитинин Кыргызстандын аймагында жүргөндө коркутууга кабылгандыгы жана айрым журналисттердин да коркутууга кабылгандыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган фактылар Жазык кодексинин «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Тергөөнү Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы жүргүзүп, Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө болот.

1 пикир

1 пикир

  1. ТААЛАЙБЕК

    24.11.2019 09:42

    Кимге иш козголгонун ачык айтыш керек. Болбосо иштеп жатабыз жэ» тергоонун кызыкчылыгы учун» дегегндей эле болуп калат го

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM