Биз менен байланышыңыз

«Бүгүнкү система менен декларация кампаниясы алдыга жылбайт»

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 721 | 0

Жалпы декларацияга өтмөйүнчө мамлекеттик кызматкерлер мүлкүн ачык көрсөтөрүнө ишенүү кыйын. Мындай пикирин укук коргоочу, активист Рита Карасартова «Маралга» билдирди:

— Мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн толук көрсөтөрүнө ишенбейм. Анткени жалпы декларацияга өтмөйүнчө муну камсыз кылуу кыйын. Мисалы, студенттер азыр декларация тапшырбайт. Айсак, мамлекеттик кызматкер мүлкүн студент баласына жаздырып койсо, «ал атасына жооп бербейт» болуп эч ким эч нерсе кыла албай калат. 2020-жылдан баштап жалпы декларацияга өткөндө, баласы да мүлкүн айтышы керек болот. Башкача айтканда, минип жүргөн джип болобу же башка мүлкү  болобу, аны кайдан алганын көрсөтөт. «Ошол мүлкү боюнча салык төлөнүптүрбү» деген маселе пайда болот. Ага чейин декларация кампаниясы алдыга жылбайт, — дейт Карасартова.

Ал буга кошумча жалпы декларациянын аткарылышы үчүн санариптешүү да тиешелүү деңгээлде ишке кириши зарыл экенин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 2018-жылы тапкан кирешелери тууралуу маалыматтарды жарыялады. Анда президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдагы кирешеси 902 миң 785 сомду түзгөнүн көрүүгө болот. Жээнбековго 23 жер тилкеси жана 160 чарчы метр аянтты ээлеген турак үйү катталган. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев болсо 2018-жылы 826 миң 461 сом киреше тапкан. Анын кыймылсыз мүлкү жок. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун кирешеси былтыр 875 миң 784 сомду түзгөн. Анын 59,5 чарчы метрлик батири бар. Ал эми Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Бирдиктүү салык декларациясында 11 батири бар экенин көрсөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM