Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун 11 батири бар

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 768 | 0

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Бирдиктүү салык декларациясында 11 батири бар экенин көрсөткөн. Аткаминерлердин былтыр жыл ичинде тапкан кирешеси тууралуу маалыматтарды Салык кызматы жарыялады.

Борбор калаанын мэри Азиз Суракматов былтыр 433 миң сом тапкан. Анын 83 чарчы метрди түзгөн жеке дачасы бар. 15 сотых эки жер участогу, ошондой эле «Лексус LX 570» үлгүсүндөгү эки унаасы көрсөтүлгөн.

Суракматовдун туугандары 2018-жылы 25 млн 912 миң сом киреше табышкан. Ал эми чыгашалары 822 миң сомду түзгөн. Алардын 3 батири, 0,08 гектар жер аянты жана ВМW үлгүсүндөгү унаасы бар экендиги белгиленген.

Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болгонго чейин ишкердик менен алектенгени айтылган. Ал 2018-жылы шаар жетекчиси болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM