Биз менен байланышыңыз

Эколог: «Бажы төлөмү жогоруласа эле, Бишкектин абасы таза болуп калбайт»

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 794 | 0

2020-жылдан тарта күчүнө кире турган унааларга карата бажы төлөмүнүн жаңы тарифтерине ылайык, автоунаанын чыгарылган жылы жети жылдан көп болсо, анын бажы төлөмү ошого жараша кымбат болот. Себеби өлкөгө кирип жаткан унаалардын жылы канчалык жаңы болсо, экологияга терс таасирин тийгизбейт, — деп айтылууда. Бирок эколог Динара Кутманова бул иш-аракет эч кандай натыйжа бербейт деген пикирин билдирди.

Анын айтымында, борбордун абасынын кирдөөсү бир гана унаа эмес, Бишкек ЖЭБдин туура эмес оңдолушу менен да байланыштуу.

Башка жактан жаңы унаа алып келингени менен, экологияны оңдойбуз деген түшүнүк туура эмес. Бул болгону мүмкүн болгон кичинекей пайыздык өсүш. Бирок бул жердеги маселе ЖЭБтин туура эмес реконструкцияланышында болуп жатат. Ошондой эле, күйүүчү майлардын сапатынын начардыгы, бийик-бийик имараттардын жыш салынышы, мына ушул сыяктуу нерселер экологияга терс таасирин тийгизип жатат. Эмне эле кайра-кайра унаага асылып жатышат мен түшүнгөн жокмун. Ансыз деле учурда Бишкекте эски, жаман зат бөлүп чыгарган унаалар көп. Буларга алар эмне дешет? Маселени чечүүдө туура багытты тандашса жакшы болмок».

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсеге кымбаттайт.

Copyright © 2017 Maral FM