Биз менен байланышыңыз

Жамин Акималев: «Айыл чарба саясатын өзгөртүү керек»

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 463 | 0

Өнүккөн бир катар мамлекеттерде Айыл чарба министрилиги иштеп жатат. Кыргызстанга да Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги керек. Мындай пикирин «Легендарлуу парламенттин» депутаты, академик Жамин Акималев аталган министрликтин ишине баа берүү боюнча өтүп жаткан коомдук угууда билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү дыйкандарды колдоп, өкмөт айыл чарба саясатын өзгөртүүсү керек.

-Коомдук угуу өткөрүү туура. Тийиштүү тармактар адистер менен чогуу кеңешип турса, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө түрткү болот. Айыл чарба министрлигин өнүктүрүү боюнча сунуштарды бергиле. Айыл чарба тармагын көртөрүү — жалпы элдик милдет. Айыл чарбаны саясаттан алыс кармоо зарыл. Мындан коомдук угуулар саясий шоуго айланып кетпеши керек, — дейт Акималиев.

Эске салсак, Бишкекте Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча коомдук угуу өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM