Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Москвадагы жыйында унаалардын жеңилдетилген бажы тарифин узартууну суранат

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 3107 | 0

Эртең, 19-ноябрда Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Коммиссиянын Москва шаарында өтүүчү жыйынында үчүнчү өлкөдөн ташылып келе турган унаалардын бажы төлөмүн дагы 3,5 жылга узартуу маселесин көтөрөт. Бул тууралууЭкономика министринин орун басары Дастан Кадыров билдирди. 

Бирок Дастан Кадыров үчүнчү өлкөлөрдөн келген унаалардын тарифтик төлөмүн көтөрүүнү 3,5 жылга жылдыруу өкмөттүн да, экномика министринин да колунда эместигин белгилеп өттү. Бул иш бир гана ЕАЭБдин ичиндеги 5 мамлекеттин сүйлөшүүсүндө чечиле турчу маселе экенине токтолду:

-Биз 2015-жылы 8-майда ЕАЭБке кирди деген документтерге кол коюлуп жатканда бизге 5 жылдык жеңилдетүү мөөнөтү берилген. Ал эми Арменияда башка жактан физикалык жакка же болбосо жөн эле адам ташып келүүдө аларга эч кандай жеңилдетүү берилген жок. Бул жалган маалыматтар. Биз эч кандай жаңы тарифке өтпөй элебиз. Болгону иштеп жаткан гана тарифке кирип жатабыз. Буга чейин биз 5 жылдык жеңилдетүү гана алганбыз да. Чындыгында, физикалык жакка кымбатыраак болуп жатат. Ал болгону машинаны алып келет. Болду. Эч кандай документи каралбай, болгону бажы төлөмдөрүн төлөп колдонууга алышчу. Азыркы мезгилде юридикалык жактарга деле жеңилдетүүлөр бар. Маселен, «Сamry» унаасы 2500 метр куб  болсо, баасы 10 миң доллар болуп, жылы 7 жылдан ашпаса 20% бажы төлөмү төлөп калат. Бирок учурда 10% гана бажы төлөмүн төлөп жатышат. Бул жеңилдетилген баа.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ташылып келинген автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсеге көбөйө тургандыгы тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымат тараткан болчу. Анда ушул жылдын 31-декабрында жеке адамдар тарабынан колдонуу үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген унаалардан алынчу бажы алымдарынын жеңилдиги аяктай турганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM