Биз менен байланышыңыз

Музаман тобу: «Топтун аталышы «Манас» эпосунан алынган»

Көңүл ачуу , Марал шоу | 15 Ноя 2019 | 1056 | 0

Заманыбыздын мыкты ырчы жигиттеринен турган «Музаман» тобу «Марал» радиосуна кызыктуу маек куруп берди. Топтун мүчөлөрү: Алымкул Мамырбаев, Тариэл Токмергенов, Аксай Мукамбет уулу.

-Алгач, чыгармачылыктагы акыркы жанылыктар менен бөлүшсөңүздөр?

-«Жубайыма» аттуу клип тарттык. Болгондо да өз келинчектерибизди кошо клипке түшүрдүк.

-«Музаман» тобунун түптөлүшү тууралуу айтып берсеңиз?

-Биздин топ 2010-жылы декабрь айында түзүлгөн. Буйруса, быйыл он жылга толот. «Манас» эпосундагы «Ырамандын ырчы уулу» деген каармандын ысымынан алынган. Музыканын заманы деген маанини камтыйт. Ушул топ бизди үй-бүлөлүү кылды жана жөнөкөйлүккө тарбиялады.

-Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алектенесиздер?

Тариэл Токмергенов:
-Быйыл күздөн баштап чакан ашкана иштетип жатам, буйруса, жакшы.

Алымкул Мамырбаев:
-Кыргыз мамлекттик искусство институтунун Эстрада бөлүмүндө 5 жылдан бери сабак берем.

Аксай Мукамбет уулу:
-Чыгармачылык менен эле алек болуп жүрөм, андан сырткары спорт менен алектенем.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM