Биз менен байланышыңыз

Ортоңку Чыгышта «арап жазы» кайталануудабы?

Блог , Дүйнө | 12 Ноя 2019 | 962 | 0

2019-жылы дүйнө жүзүндө калаймакан каршылык акциялары өтүүдө. ВВС орус кызматы жазгандай, Орусияда жайында болгон митингдер 2011-жылдан берки эң ири саясий акциялардан болду. Араб өлкөлөрү да андан кем калышкан жок. Ливандагы элдин нааразылыгы, Ирак калкынын көчөгө чыгуусу, жүздөгөн өлүмдөргө карабастан Египет, Алжир жана Судандагы каршылык акциялары бир нече айдан бери токтобой келет.

Эмне себептен?

Ар бир арап эли өзүнчө бактылуу сезгени менен, буларды бириктирген окшоштук — бактысыздыгы: теңсиздиги, жакырдыгы, жаштар үчүн шарттын жоктугу (60% калк – 30 жаштан төмөн), көмүскө жемкордук, өлкө байлыгын туура эмес бөлүштүрдү деп башкаруучу элитага болгон нааразычылык. Каршылыкка чыккандардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Аларды баштаган атайы жолбашчысы жок, жаштар социалдык тармактар аркылуу табышып, көчөгө чыгышууда.

Ливан

17-октябрда башталган нааразычылык акциясынын чыгышына WhatsAppка салынган салык себеп болгон. 29-октябрда Ливандын премьер-министри Саад Харири отставкага кетерин жарыялаган. Бирок, эл аны менен токтоп калбай, бийликтин жаңы шарттарды түзүп, экономикалык реформа жаратуу талабы менен демонстранттар акцияны улантып келүүдө.

Ирак

Ирактагы калаймакан нааразылык акциялары октябрдын башынан бери токтобой келет. Анын айынан 301 адам каза болуп, 15 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган.

Маалыматка ылайык, демонстранттар бийликтин алмашуусун талап кылып, мунайга бай өлкөдөгү коррупцияга, жумушсуздукка, социалдык шарттарга нааразылыгын билдирип жатышат. Андан сырткары, өлкө жашоосуна Ирандын кийлигишүүсүнө каршы экенин айтып жатышат.

«Арап жазынын» балдары

Тарыхта «арап жазы» деп аталган окуядан бери 8 жылдан ашык убакыт өттү. Андан бери «мурунку каталардан» сабак алып, жаңы көтөрүлүштөргө даярданган жаңы муун пайда болду. «Арап жазы», балким, толук бүтө элек болушу ыктымал экендигин кээ бир эксперттер айтышууда.

Жаңы көтөрүлүшчүлөрдү айрым саясатчылар «Арап жазынын балдары» деп атоодо . Арап өлкөлөрүнүн 60%дан ашыгы 30 жашка чейинки жаштар. Акцияга чыккандардын басымдуу бөлүгүн да жаштар түзүүдө.

«Арап өлкөлөрүндө болуп жаткан окуялар 2011-жылдардагы «арап жазынын» уландысы, элдерди коркуу дубалын бузгандыгы бириктирип жатат», — деп эсептейт «Chatham House» аналитикалык борборунун кызматкери Лина Хатиб.

2011-жылдагы көтөрүлүштүн натыйжасы канааттандырарлык болгон эмес. Кээ бир өлкөлөрдөгү кандуу режим өзгөргөнү менен, бийликке жаңы диктатордун келүүсүнө шарт түзүлгөн.

Арап жазы — Түндүк Африкада жайгашкан арап мамлекеттериндеги авторитардык жана тоталитардык саясий режимдерге каршы элдик толкундоолор. 2010-жылдын аягында башталып, 2012-жылга чейин созулган.

2011-жылдын май айында революциялар 4 мамлекет башчысын кулатууга алып келген. Тунистин президенти Зин эль-Абидин Бен Али Тунистеги революциядан кийин 14-январда Сауд Арабыясына качкан.

Египет президенти Хосни Мубарак 2011-жылы 11-февралда 18 күндүк массалык протесттерден кийин өзүнүн 30 жылга созулган президенттик кызматынан кетүү арызын жазган. 42 жыл бийликте турган Ливиянын диктатору Муаммар Каддафи 2011-жылы 23-августта кулатылып, 20-октябрда өзү туулган шаар Сиртте көтөрүлүшчүлөр тарабынан өлтүрүлгөн. Йемендин президенти Али Абдалла Салех 2012-жылы 27-февралда кызматтан кетүүгө мажбур болуп, бийликти жаңы президентке аргасыздан өткөрүп берген.

Кыргызстандагы 2005-жана 2010-жылдардагы революциялар жана алардын жүрүшүндө диктаторлук бийликке умтулушкан коррупционер президенттердин өз өлкөсүнөн качышы Арап жазына түздөн-түз таасирин тийгизген деген пикир дүйнөлүк коомчулукта байма-бай айтылып келүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM